Илим Карыпбеков: «КТРКда мурункудай «жылдыздар», «залкарлар», «өзгөчөлөр» жок»

Илим Карыпбеков диктор Чынар Капарова менен болгон тирешүү жөнүндө төмөнкүдөй билдирүү калтырган:

«Урматтуу Досторум, ушул кишиге теңелбей эле коёюнчу уруксат болсо десем сиздер бул киши боюнча сураганыңарды койбойсуңар, бул киши мени көрүнгөн жерде жамандаганын койбоду. Эби келсе, келбесе деле мени оозунан түшүрбөй жамандап, каргап, шиленин эле келе жатат.

1. Биринчиден бул кишини кызматтан кетиргеним чындык. Бир эле нерсе үчүн эмес, бир катар кызматтык тартипти бузгандыгы үчүн. Бул киши сотко берди. Бир утуп, бир утулуп, Жогорку сотко бир барып, аягы сот бул кишини кызматтан кетирип жатканда айрым мыйзам талаптары сакталган эмес, ошол себептен кызматка кайра бекитилиши керек деп чечим чыгарды.

2. Мен соттун чечимин кынтыксыз аткарып, бул кишини кызматка алуу боюнча буйрук чыгардым. Бул киши 1-2 күн иштебестен, менин атыма өз каалоосу менен кызматтан кетүү ниетин билдирип, кете берди. Арызга себебин көрсөтпөдү, бирок гезиттерге, сайттарга, элге Карыпбеков кысым көрсөттү, ошол себептен кетүүгө аргасыз болдум деп жарыялады. Албетте калп. Карыпбеков бул кишиге дагы, бул кишинин артынан дагы бир сөз сүйлөгөн жери жок. Сүйлөсө эмгиче эмне деп сүйлөгөнүм жөнүндө 200 жолу интервью берип, аны кооздоп, түстөп айтып бермек деп ойлойм.

3. Бул киши мени канча жамандаса дагы, иш бөлмөмө кирип келип балдарың жетим калсын десе дагы, мен жөнүндө ушак, чындыкка келбеген жаман сөздөрдү айтып келсе дагы, мен бул кишиге жамандык каалабайм. Жалаң ийгилик, жакшылык, денсоолук каалап, аманчылыкта болуусун тилейм.
Менин жаман ниетим болсо, бул киши КТРКнын 60 жылдыгына карата кыйын, эмгеги өткөн кызматкерлердин бири деп, даңазаланып биздин эфирге чыкпайт эле. Мен кайра кызматкерлерге бул кишинин дагы чоң салымы бар, көрсөткүлө жаңылыктарга, чакыргыла көрсөтүүлөргө деп келем.

КТРКда мурункудай өзүм билемдик, кааласам келем, кааласам жок, бир айда эки жолу келем, каалаган убакытта келем деген заман жок. КТРКда мурункудай «жылдыздар», «залкарлар», «өзгөчөлөр» жок. КТРКда бүгүн баш деректири, жөнөкөй кызматкери баары бирдей шартта, баш көтөрбөй иштеген заман. Албетте айрымдары мындай шартты кабыл алышпады. Эмнеси болсо дагы аманчылыкта, тынччылыкта, ынтымакта жашасак сөзсүз ийгилик болот деген ишенимдемин.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу