Илим Карыпбеков: «Жата берсеңерчи мендей болуп жабышып…»

КТРКнын экс-башкы директору Илим Карыпбеков социалдык тармактардын активдүү колдонуучусу катары окурмандарга таанымал. Коомдогу болуп жаткан ар кыл окуяларга эки тилде-орусча жана кыргыз тилинде азил-чыны аралаш тамашалуу пост жазганы менен башка блогерлерден айырмаланат. Анын ар бир жазган кызуу талкууга алынат.Бул ирет ал 40 жаштагы замандаштарына кайрылды.

“Апам келген, алыс жакта жүрүп. Анан мен «Апа, Ысык-Көлдө Лайвбарда эртең Осеана ырдайт экен, ошол жака барып келеинчи?» десем.»Ой калжактаган кара жерге киргир! Осеананы-Мосиянаны сага ким коюптур? Картайганда кутурганда дагы ушул кутурду. Жат бар жабышып» деди эле. Билмексен болуп жатып уктап калсам керек. Эй, айрым 40ты айланчыктап, болгон күчүң менен тартсаң болбой курсагың салаңдап, көзүң акшыйып, бетиңдеги бырышың бетиңе батпай, музыка катуу чыкса башың ооруп, чоң кыз деп кайрылсаң, байке, уялбайсызбы, мен сиздин кызыңыздын подружкасымын деген сөздү угуп калган досторума кайрылат элем. Апам айткандай, Осеана-мосеананы эмне кыласыңар? Жата берсеңерчи мендей болуп жабышып, кулак мээң да тынч, үйдөгүлөр дагы ыраазы, чөнтөгүң дагы толук. Бейпил түн, кыркчамбарлар!”,-деп тамашалуу постун бөлүштү.

Анын бул постуна 200дөн ашык пикир жазылып, учурда кызуу талкууга алынууда.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу