Илим Карыпбеков: «Белизгейтти ойлоп тапкан Абдил Сегизбаев менен Индира Жолдубаева жооп берсин»

2016-жылы Белизден “келген документтер” КТРКдан күнү-түнү көрсөтүлүп жатканда анын жетекчиси Илим Карыпбеков парламент жыйынында “Эгерде “Белизгейт” далилденбей калса кызматтан кетем, жоопкерчиликти керт башым менен тартам” деп жанын жеген эле. Азыр болсо Илим мырза тескери кетип, өз санаалаштарын отко “тыга” баштады. Маалымат агенттиктеринин бири Карыпбековго кайрылып, “ушул сөзүңдө турасыңбы, кызматтан кетесиңби” деп сураганда ал “ага ошолор жооп берсин, “Белизгейтти” мен ойлоп тапкан жокмун да” деп алакан жайган. Карыпбековдун “ошолор” дегени Абдил Сегизбаев менен Индира Жолдубаева экени жаш балага деле маалым. Муну менен Илим мырза өз санаалаштары кыйын күнгө кептелгенде сатып кете турганын далилдеди. Болбосо уруулашы Сегизбаев (экөөсү тең саяк) анын кызматка келишине буту күйгөнчө чуркаган. Эми минтип Сегизбаев менен Жолдубаеваны күнөөлөп отурат. Мындай эки жүздүүлүктү көрүп Илимге окшогондорду жер бетинде бастырып жүргөн Кудайдын пейли кең экенине ынанасың. Эркек болсо Карыпбеков айттырбай эле кызматтан кетип калмак.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу