Илим Карыпбековду малдын «гөшү» менен кыздын «төшү» кызыктырабы?

Айтайын дегенибиз КТРКнын жетекчиси Илим Карыпбеков деген неме акыркы күндөрү өзүнүн мамлекеттик кызматкер экенин унутуп, кызматтык этиканы сактабастан социалдык баракчалары аркылуу өйдө-төмөн нерселерди жазуу менен алектенип калды.

Жакында эле Карыпбеков Таласта залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган майрамдык салтанатка карата союлган малдын этин сынга алып чыкты. Таласта Залкар жазуучубуздун 90 жылдыгы жогору деңгээлде өтүп, бийликтин жогору бутактарынан өкүлдөр келип катышып, ыраазы болуп кайтканы баарына маалым. Карыпбековдун акыл-эси ордунда болсо салтанаттуу майрамды сынга алгандын ордуна, Айтматовдун 90 жылдыгын КТРКдан көрсөтүп Айтматовду даңазаласа болбойт беле?

Жоругу жолдо калгыр Карыпбеков мунусу аз келгенсип, ырчы Чолпон Талипбектин чоңойтулган төшүн коргоп чыкканы неси? Же Карыпбековду малдын гөшү менен кыздардын төшү кызыктырабы? Мынча болду мамлекеттик кызматтын кадырын кетирбей кызматын тапшырып, Чолпон Талипбекке продюсер эле болуп албайбы? Карыпбеков мындай чала сабаттык кадамы менен КТРКнын деңгээлин түшүрүп тынат го сыягы…

ЧЫНДЫК

Аргумент.kg
Жооп калтыруу