Иликтөө: балалуу кишилер узак жашайт…

Швед окумуштуулары өлкөнүн бир жарым миллион жашоочусуна байкоо салып, иликтөө жүргүзгөндөн кийин, балалуу кишилер жалгыз бойлорго караганда узак жашайт деген тыянакка келишкен.

Иликтөөчүлөр 1911-1925-жылдар аралыгында туулуп, жашы 60тан өткөн эркектер жана аялдардардын жашоо узактыгын изилдешкен. Жыйынтыгында, бир баласы бар болсо дагы кишилер жалгыз бойлорго караганда узак жашай турганы белгилүү болду.

«60 жаштагы айырмачылык эркектер арасында 2 жыл, аялдар арасында бир жарым жыл болду»,-деп айтылат Journal of Epidemiology & Community Health журналына жарыяланган тыянактарда.
Жашы өйдөлөгөн сайын ортодогу айырмачылык сакталып олтурат дейт окумуштуулар. Бирок узак жашоонун ачкычы балдар дегенди иликтөөчүлөр так белгилешкен жок.

Алардын болжолунда, мындай жашоо узактыгындагы айырмачылыкка балдары тарабынан көрүлгөн камкордук, каржылык жана башка жардамдардын таасири да болушу мүмкүн. Ошол эле учурда жалгыз бойлор балалуу кишилерге караганда сергек жашоо образын күтүшөт дейт иликтөөчүлөр.

Би-би-си кыргыз кызматы

Аргумент.kg
Жооп калтыруу