Икрам Илмияновду өңчөй алдамчылар менен «альфонсттор» тегеректеп жүрдү беле?

Мурдагы президенттин эң жакыны, учурда бозгун болуп бозоруп жүргөн Икрам Илмияновдун Кыргызстандагы киреше булактарын эки адам көзөмөлдөп жүргөнүн билдик. Бирөөсү, учурунда өзүнөн улуу бай аялга үйлөнүп, мүлкүнүн жарымын өзүнө каттатып алып качып кеткен Каныбек Туманбаев, экинчиси И.Илмияновдун жардамы менен россиялык ишкерлерди 65 миллион рубль акча каражатына сыздатып алдап кеткен Аширбай Жусупов. Каныбек Туманбаев Илмияновдун уулунун атынан коюлган Баха-Түштүк Магистраль көчөсүндө жайгашкан «Аброр» ресторанын иштетип жатат. Аширбай Жусупов Кыргызстандан Кытайга кеткен эшектерди «адалдап» акча табарын эшиттик. Эшек бизнестин башында Аширбай Жусупов турат. Эшектин этин кантип экспорттоп жатканын жакында иликтөө кылабыз. Айтор, «эшек магнат» менен «альфонс» оңой эмес каражаттарды кылып, бозгундагы кожоюнуна которуп жатышат. Буларды тыкыр иликтеп, киреше булактарын текшербесе болбойт.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу