Икрамжан Илмиянов өз «бейишин» Америкадан таптыбы?

Буга чейин маалымат булактарында экс-«башкы шоопур» Икрамжан Илмияновдун чет өлкөлөрдүн бирине «коендун сүрөтүн тартып» кеткени боюнча маалыматтар жарыяланган. Анан анын артынан эле КСДПнын маалымат катчысы Кундуз Жолдубаева анын «эч жакка качпай эле, зыярат кылуу үчүн кичи ажылыкка кеткенин, ал кайра сөзсүз кайрылып келе турганын» билдирип чыккан.

Ошондон кийин коомчулукта «Бул зыярат кылуу үчүн ажылыкка барган адам кокус ошол жактан көз жуумп кете берсе, анда ал түз эле бейишке чыккан болуп, сөөгү да ошол жакка коюлуп калчу эле, анда неге Кундуз айым ишенимдүү түрдө Илмияновду кайра келет деп атат?» деген суроо жаралган.

Ошол эле убакта бул жакта толтура кыңыр иштери ачыкка чыга баштаган И. Илмиянов үчүн алдыда бул жарыкчылыкта эки бейиш күтүп турганын да айткандар арбын. Биринчиси, мыйзам алдында жоопкерчилик тартуудан качып, мамлекеттин эсебинен топтоп алган байлыктары менен чет өлкөлөрдүн биринде байбачадай болуп бапырап жашай берүү «бейиши». Экинчиси, эгерде «Жок, мен патриотмун, өз жеримди, мамлекетимди аябай жакшы көрөм, эч жакка кетпейм» деген принципти карманса, анда темир тор артындагы «бейиш» күтмөк.
Ошентип ошол эки бейиштин кайсынысын тандайт болду экен деп отурсак, И. Илмиянов АКШны тандап кеткени билинди. Ишенимдүү булактардан алынган маалыматка караганда ал Кыргызстандагы бизнестеринин баарын ишенимдүү адамдарына калтырып, «Бул дапдаяр бизнестер, силер аны иштетип, түшкөн кирешенин 60%ын мага жөнөтүп турасыңар, 40%ы силердики» деп табыштап, өзү АКШда узаак убакыт бою жашап турууну чечиптир.
Убагында А. Атамбаевди ушул И. Илмиянов гана саткан эмес экен, дайыма жанында болчу экен деген кептер айтылчу. Көрсө, ал кезде шоопур акебиз бай эмес болчу экен да, азыр болсо чириген бай, анан ошол байлыктарын коргош үчүн деле А. Атамбаевдин жанынан алыс качат да.

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу