Икрамжан Илмиянов эмнеге абактын көп кишилик камерасынан жеке кишилигине суранып чыгып кетти?

20-октябрда УКМКнын абагына “Алдамчылык” беренеси боюнча камакка алынган Атамбаевдин шоопуру Икрамжан Илмиянов бүгүн, 30-октябрда бир нече кишилик камерадан суранып жатып, жеке кишилик камерага чыгып кетти. Абактын администрациясы да анын бул суранычын бат эле аткарды. Буга эмне себеп болушу мүмкүн?

Адатта УКМКнын абагында жаткан айыпкерлер жеке кишилик камерада жалгыз жаткандан качышып, жок эле дегенде эки кишилик камераны суранышат. Эки киши болсо аркы-беркини, өткөн-кеткенди  кобурашып убакыт өткөрүшөт. Ал эми жалгыз жатуу тымтырстык менен коштолуп, адамга оор тиет. Убакыт өтпөй кыйнайт дешет камалып чыккан билермандар.

Бирок, айыпкер тергөө менен кызматташып, бийликке кылмыштын бетин ачууга жардам берип, болгонун болгондой, жаап-жашырбай айтып, кууланбаса, бийлик да ага жеңилдиктерди бере баштайт. Мисалы, сотто жардам берүү убадасы , беренелерди жумшартуу, жакындары менен жолугушуу, ысык тамак киргизүү жана башка толгон-токой жеңилдиктер.  Анан өзүн тез-тез суракка алып кетүү, душка жана короо ичиндеги сейилдөөгө байма-бай чыгаруу да ал жерде чоң жеңилдик болуп эсептелет. Бирок, көп кишилик камерада мунун баарын бирге жаткандар байкап анын тергөө менен кызматташып жатканын билип калышат жана сыртка маалымат чыгат. Ошондуктан тергөө менен кызматташкандар жеке кишилик камерага суранып чыгып кетишет. Ал жерде жеңилдиктерге күбө жок болгондуктан анын саны дагы көбөйөт.  Мисалы камерасына туугандары муздаткыч, телевизор, ноутбук алып келип бергенге уруксат берилет. Ресторандардан, үйдөн тамак-аш каалашынча жеткирилет.  Жакындары менен жолугушууга көбүрөөк мүмкүнчүлүк болушу мүмкүн. Алтургай шаарга алып чыгып келишет. Кыскасы, башка абакта жаткандарга салыштырмалуу курорт. Тергөө менен кызматташып жаткандар мындай мүмкүнчүлүктөрдөн пайдаланышат.

Икрамжан Илмияновдун бүгүн жеке кишилик камерага суранып кетиши мына ушул тергөө менен кызматташып жатканын далилдейт. Анын үстүнө бүгүн УКМК Икрамжан Илмиянов тергөө менен кызматташып жаткандыгын жана КСДП жеке менчик фирмадан $150 миң доллар алганы боюнча жетиштүү далилдер бар экенин расмий жарыялады.

Ал эми КСДПнын Икрамжан Илмияновдун тергөө менен кызматташып жатканын жокко чыгарып, расмий билдирүү жасашы алардын нервденип жатканын, чычалаганын, Икрам дагы эмнени айтып салат деп коркуп жатканын далилдейт.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу