Икрамжан Илмиянов кызматынан «тебилди»

Мурдагы Президенттин шоопуру Икрамжан Илмиянов өз арызы менен “Көк бөрү” федерациясынын президенттигинен кетти. Бул тууралуу govori.tvга аталган федерациядан билдиришкен.

Аталган федерациянын 5-июлда жыйыны өтүп, бир жылдан бери жетектеп келе жаткан Икрамжан Илмиянов өз арызы менен кызматтан кеткенин билдиришкен. Илмияновдун ордуна буга чейин вице-президенттикти аркалап келе жаткан Жыргалбек Саматовду шайлашкан.

Баса, жакынкы мөөнөттөрдө Икрамжан Илмияновдун бир тууганы Искендер Илмиянов тууралуу кызыктуу маалымат беребиз. Ал, Лейлектеги салык кызматында «ийгиликтүү» иштеп, кала берсе сыйлыктарга да ээси болгон.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу