Икрамжан Илмиянов АШАнын табигый жүзүн ачабы?

Экс-президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн “Апрель” телеканалына курган маегинде “легендарлуу шоопуру” Икрамжан Илмияновду каратып туруп сатып кеткенин далилдеп, КСДПнын шайлоо штабындагы документтеринин жарыяланышын ага шылтады. Муну УКМКнын тергөө абагында жаткан Илмиянов угуп чалкасынан кетип, АШАга көргүлүктү эми көрсөтөм деп жатканы жалганбы?

Ишенимдүү булактар кабарлагандай, “Шоопурдун” жакын адамдарынын бири ага жолугуп Атамбаевдин “кылыгын” жеткириптир. Буга ачууланган Икрамжан мырза “бул жакта ошонун айынан отурам, кыйын күндө колум кесилсе да сатпай туруп берсем мени оор күндө жардан ары түрткөнү кандай?” деп ачууланыптыр.

Жакынкы күндөрү Илмиянов тергөөчүлөргө Атамбаевдин 2010-жылдан берки былык иштерин четинен санап, шайлоолордо кайсы бизнесмендерден канча каражат алганын, анын көпчүлүк бөлүгүн сол чөнтөгүнө кантип салып алганын тастыктаган тизмени бергени жатыптыр. Мындан сырткары, бажы, салык тармагындагы көмүскө схемаларды ачыктап, кимдерден ай сайын канча акча алып турганын коомчулукка жарыялайбы? “Шоопурдун” өткөн президенттик шайлоодо Атамбаев канча акча иштеп алганы тууралуу маалыматы чоң сенсация болот дейт. Ачууланган Илмиянов “тасмалын” жайса Атамбаевдин абалы кандай болот? Муну менен АШАны түз эле түрмөнүн төрүнө тыгууга жол ачылабы? Кыскасы, кызыктар алдыда…

Булак: «telegra.ph»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу