Икрамжан Илмиянов Атамбаевдин былыктарын чубайбы?

Экс-президенттин эң жакын адамы, АШАнын тушунда шопурлуктан президенттин аппаратынын башчысынын орун басары, мамлекет башчысынын кеңешчиси кызматтарына чейин жеткен, өлкөдөгү ишкерлер менен инвесторлордун бардыгын көзөмөлдөгөн, кадрдык маселелердин да көбүн чечкен жоболоңдуу Икрамжан Илмиянов Казанда кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына 28-ноябрга чейин отургузулду. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “алдамчылык”, “бирөөнүн мүлкүн тартып алуу” беренелери боюнча айыптар коюлууда. Тергеп-тескөөчүлөрдүн билдирүүлөрүнө караганда, ал бир ишкерди коркутуп, 150 миң доллар пара алган экен.

Бул азырынча коомчулукка маалымдалып жатканы. Эгерде АШАнын тушунда Илмияновдун атын укканда ишкерлер, бизнесмендер ителгини көргөн таандардай чоочушуп, инвесторлор ансыз Акүйгө жолой албай калышкандарын, ансыз кадрлык көп  маселелер чечилбегендигин эске алсак, алты жылдын ичинде андай эпизоддор жетишерлик эле болгондугун боолгоого болот.

АША эмнеге жаалданып атат?

АША “оң колу” Сапар Исаков, “сол колу” Албек Ибраимов, эркеси Кубанычбек  Кулматов кармалганда “аларда күнөө жок, бул саясат” деген маанидеги билдирүү жасоо менен чектелген. Бирок, ал Икрамжан Илмияновдун кармалгандыгын укканда “столду ургулап, отургучтарды тепкилеп, дачасын жаңырта сөгүнүп-тилденип, баарына көрсөтөм” деп бакыргандыгы ЖМКларда маалымдалды. Эмне үчүн ал шопурдун тагдырына анчалык туталанууда?

Саясаттагы, бизнестеги өнөктөштөрүн дайыма “кидать” эткенге маш болгон АШАны шопурдун тагдыры чындап кызыктырат дейсиздерби? Албетте, жок. АШАнын албуутангандыгынын себеби таптакыр башкада.

И.Илмиянов көп жылдар бою АШАнын үйүндө бакма баласындай болуп жүргөн. Ал АША менен Раиса экөөсү жөнүндөгү эч кимге белгисиз маалыматтарды, майлуу-сүттүү орундарга кадрлар кандай тандалып, кантип жайгаштырылгандыгын, жоболоңдуу долбоорлор кантип ишке ашырылгандыгын эң сонун билет. Кокус, Илмиянов алар жөнүндө “сайрай” баштаса, дагы көп сырлар ачылат, АШАнын ансыз деле тарпы чыккан репутациясынан эч нерсе калбайт. Ошон үчүн АША чок баскан тооктой тополоң салып, “көрсөтөм эле көрсөтөм” деп жаалданууда.

АША Илмияновду  ушул жылдын июнунда өгөй баласы (Раиса Атамбаеванын биринчи күйөөсүнөн төрөгөнү) Раис Бектемировдун Казандагы бизнесин жолго салып берүү үчүн жөнөткөн экен. Ал аты-жыты эч кимге белгисиз неме Россияда, болгондо да ишкерлердин мекени болгон Казанда бизнес ачкыдай каражатты кайдан тапкандыгы — өзүнчө маселе. Айрым серепчилердин: “өгөй бала жөн эле подстава, ал Атамбаевдин өзүнүн бизнеси, сөз болбоо үчүн, анын үстүнө өзүнүн мындагы келечегине ишенбегенден улам ошол жактан бизнес ачып, президент болуп турганда мыйзамсыз жолдор менен чогулткан байлыктарын Казанда легалдаштырууну көздөгөн”- дегендеринде да негиз болушу ыктымал. Аны, бизнестин жүгүртүүдөгү каражаты канча экендигин Илмиянов эң сонун билет. Демек, АШАнын атырылгандыгынын эң негизги  себеби ушунда.

 “Көрсөтөмдөн” кийинкиси кандай болот?

АША 22-октябрда Москвага барып, Орусиянын жетекчилеринен колдоо сурамак экен. Бирок, Икрамжан Илмияновду кармап, депортациялаганга Орусиянын атайын кызматтары жакындан көмөктөшкөндөрүн угуп, ал оюнан кайтып, Россияда өтчү партиялардын  конференциясына гана катышып келмей болуптур. Эн тамга басканга соо жери табылбагыдай болуп  коррупциялык иштер менен айыпталып  жаткан АШАны колдогудай Орусиянын жетекчилери акылынан айныша элек да. Ошентип АША Орусиядан “биз расмий бийлик менен гана кызматташабыз. Сен биздин тынчыбызды албагын” деген мааниде кыйыр эскертүү алды. Мындан ары аракети, тагдыры кандай болот?

Айрымдар Атамбаев Москвага барып, ошондон ары келбей, ошол жактан башпаанек таап, калып каларын айтышууда. Антсе, экс-президент өзүнүн абалын гана оорлотот. Россиядан келгенден кийин жөн жатпай, өлкөдөгү саясый  туруктуулукту буза турган деструктивдүү аракеттерди жасай турган болсо, өзүнүн жана үй бүлө мүчөлөрүнүн тагдырлары эң эле жакшы дегенде экинчи качкын президенттикиндей болорун АША эң сонун билет. Бирок, мүнөзүндөгү туруктуу сапаттардын бири — ашкере эмоционалдуулук жана авантюризм экендигин эске алганда, андан бардык нерселерди күтүүгө болот. Эгерде камаларына толук көзү жетсе, бардыгын тобокелге салып, бир ууч тарапташтары менен (андан көптү чогулта албайт) Ак үйдү басып алганга аракеттениши да мүмкүн. Бирок, андан эч нерсе чыкпайт, ал күн АШАнын саясаттагы гана эмес, эркиндиктеги да эң акыркы күнү болуп калат. Коррупциялык беренелерге кылмыш-жаза кодексиндеги андан оор беренелерди гана кошуп алат.

Булак: “Майдан. kg” 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу