Икрамжан Илмияновдун кадры, Каржы полициясынын башчысы Бакир Таиров эми шефинин кылмыштарынын бетин ачабы?

«Жарандарыбыздын пикири боюнча, сот жана укук коргоо органдары эң коррупциялашкан органдар болуп саналат. Биздин милдет — мындай абалды толугу менен өзгөртүү. Сот-укуктук реформаны ишке ашырууну саботаж кылган ведомстволордун жетекчилеринин жоопкерчилиги катуу каралат», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кечээ, 24-октябрда Нарын шаарынын жана Нарын районунун тургундары менен жолугушууда.

Чынында эле укук коргоо органдары өздөрү эң коррупциялашкан органдар болуу менен бирге коррупцияга каршы президент жарыялаган күрөшкө тымызын саботаж жасап жатышканы айдан ачык. Ушундан улам жакынкы тарыхыбыздагы бир окуя эске түшөт.

2016-жылы 2-июнда генерал Кашкар Жунушалиев ошол кездеги президент Алмаз Атамбаевдин амири менен КР Ички иштер министри болуп дайындалат. Анан албетте кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча бир жакшы иштерди жасап кеткиси келип, жеңин билегине түрүнүп, ишке киришет.

Келгенине 1,5 ай өткөндөн кийин эле, 15-июлда 2016-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыктары боюнча коллегия өткөрөт.  Бул анын министр кызматындагы биринчи коллегиясы болчу. Коллегияда КР ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыгынын Уюшкан кылмыштуу топторду мыйзамсыз каржылоого каршы күрөш башкармалыгынын ишин кескин сынга алып, анын начальниги Бакир Таировду колегиянын чечими менен кызматтан алып кууп жиберет.

Бирок, дароо эле министр Кашкар Жунушалиевге  “шоопур” каймана аты бар Икрамжан Илмиянов телефон чалып, Бакир Таировду өз кызматына кайра дайындоо боюнча буйрук берет.

Министр Жунушалиев бир күндөн кийин эле өзүнүн буйругу менен Бакир Таировду кайрадан Уюшкан кылмыштуу топторду мыйзамсыз каржылоого каршы күрөш башкармалыгынын начальниги кылып дайындайт. Мыйзам боюнча коллегия кызматтан бошоткон кызматкерди кайра коллегия гана калыбына келтире алат. Министр коллегияны күтпөстөн эле эртеси өзүнүн буйругу менен дайындайт. Анткени Бакир Таиров “шоопур” Икрамжан Илмияновдун кадры болуп чыгат.

Ал эми быйыл, 2018-жылдын 30-апрелинде Бакир Таиров КР Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалат.

20-октябрда КР УКМКнын тергөө башкармалыгы “Шоопур” Икрамжан Илмияновду алдамчылык беренелери боюнча камакка алды. Ага УКМК азырынча бир бизнесменден 150 миң доллар пара алгандыгы боюнча айып тагып, тергеп жатат.  Бирок, Атамбаевдин президенттиги учурунда анын шоопуру Икрамжан Илмиянов жогорку эшелондогу мамлекеттик кызматтарды ээлеп, Бажы системасындагы миллиондорду чапчыган  схемаларды тейлеп, кызматтарды чечип, Бишкектеги жер участокторду сатып, кылмыштуу курулуш компанияларына “крыша” болуп, байып келбеди беле.  Ал кылмыштардын бетин Каржы полициясы (Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы) ачып, кылмыш ишин козгоп, тергеп, сотко ашырыш керек да. Эмесе, УКМК Илмияновду бир эле алдамчылык менен соттотуп жиберсе, калган, ондогон жоруктары жазасыз калабы? Ал эми Илмияновдун экономикалык, коррупциялык кылмыштарын иликтеп, далилдеп сотко ашырганга анын кадры Бакир Таировдун духу жетеби?

Эгер антпесе, анда КР Президенти Сооронбай Жээнбековдун коррупцияга каршы курч күрөшүн Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы колдобосо ким колдойт? Президент коррупционерлер менен өзү жалгыз күрөшөбү?

Ошондой эле Бишкектин экс-мэри Албек Ибраимовду да УКМК ал “Дастан” ишканасында директор болуп турган учурунда торпедаларды мыйзамсыз сатуу фактысы боюнча тергеп жатат. Ал эми ал Бишкектин мэри болуп турган учурдагы ондогон экономикалык кылмыштарды Каржы полициясы тергеп, бетин ачып, сотко өткөрүш керек да. Эмне үчүн бул иштер жасалбай жатат?

Булак: Кyrgyztoday.кg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу