Икрамжан Илмияновдун жердештери аны үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен президент Сооронбай Жээнбековго Кайрылуу жасашты

Кайрылуу

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Урматтуу Мухабеткалый Дүйшөкеевич!  

Урматтуу КРнын улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы!

Лейлек районунун Катраң айыл аймагынын Катраң, Баул, Өзгөрүш айылынын жашоочуларынын сиздерге кайрылуусунун себеби:

Биздин уулубуз Илмиянов Икрамжан Саттаровичти улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери тарабынан 2018-жылдын 19-октябр күнү камакка  алгандыгына байланыштуу Катран, Баул, Өзгөрүш айылынын жашоочулары кооптонуу менен тынчтык митингисин уюштуруп сиздерге кайрылууну туура таптык. Биз Президенттин, Өкмөттүн коррупцияга каршы  саясатын толук колдойбуз. Кийинки мезгилде  Кыргыз Республикасында бардык  аткарылып жаткан иштер акыйкаттык  менен чечилип жаткандыгына ишенебиз.

Биздин сиздерден  өтүнүчүбүз Икрамжан Саттаровичтин ишин акыйкат чечип баш коргоо чарасын үй камагына чыгарып берүүңүздөрдү өтүнөбүз деп жалпы тынчтык митингисине катышуучулардын атынан .

Катышуучулардын аты жөнү жана кол тамгасы кошумча тиркелет:

Булак:KyrgyzToday

Аргумент.kg
Жооп калтыруу