Икрамжан ажы Илмиянов качан кайтып келет?

Кичи ажылыкты шылтоолоп Кыргызстандан куйрук түйгөн Икрамжан Илмиянов Умрадагы зыяраты аяктаса дагы Кыргызстанга келүү ниети жок. Маалыматтарга караганда ал Америкага качыптыр деп уктук. Анын үй бүлөөсү буга чейин эле Американын Нью-Йорк штатында жашап, кыздары ошол жакта окучу. Жакында, ал кыздары үчүн жылына 6 миллион сом чыгымдайт экен деп жазып чыгышкан. Икрамжан ажы Кудай алдында тазаланганы менен, мыйзам алдында “көчүгү” шакмар болсо керек, келе албай жатканына караганда. Эгерде таза болсо, башка байлыгын айтпай эле коелу, үй бүлөөсүн Нью-Йоркко жашатып жатканы эле шек жаратат. Өзү болсо, 2010-жылга чейин таксист болсо, кыска убакта миллиондорду кантип тапты дейсиӊ? Айтор, Ажы ака келсе, өмүр бою абакта зыярат кылдырып, мыйзам алдында күнөөлөрүн “кустуруп” тазалоо керек.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу