Икрамды сатып кеткен Жеңиш Разаковдун кашаңдыгы

«Эки мүшөк ашкабактай» болгон вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун деңгээлин жамы журтубуз көрүп атат. Депутаттардын астына келсе тыңгылыктуу жооп бере албай, тантырап, ар кайсыны божурап кутулат экен. Бери жактан көргөн погончондор көчүктөрү менен күлүүдө.

Себеби, бул эргул милиция болуп жүргендө деле эч нерсени кыйратпаптыр, болгону чоңдорго, Икрам Илмияновго жагынууну кыйла өздөштүргөнү үчүн көтөрүлгөну, ошондон бери «кошоматка кой союу» менен келатканын жерийбизби?

Икрамды сатып кеткенден кийин бүгүнкүлөр кеп бекен? Качанкыга чейин жасалма шумпайларды бапестеп, жеке мамилеси үчүн элдин кадырын, келечегин тебелей беребиз? Ойлонбойлубу? Же ушундай ортозарларга зар болуп калдык беле?

Булак: «Азия Ньюс»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу