Ийгиликтүү болуунун 9 эрежеси

1.Өзүңүз кыялдаган тармакты тандаңыз. Жакшы көрбөгөн жумуш болгон энергияңызды жутуп коёт.

2. Айлык акыны эмес, жумушту тандаңыз. Жумушту маяна үчүн эмес, белгилүү бир максат үчүн иштетсеңиз акча өзү келет.

3.Жумушуңузду эмгек акыңыздан артыгы менен иштеңиз, айлык акыны көбөйтүүнү талап кылбаңыз.

4.Чагымчылдыктан алыс болуңуз. Абырой алып келбейт.

5.Керек болчу адамдар менен дос болуңуз. Тааныш-тамыр ар убакта, ар түрдүү жагдайда керек.

6.Уруштан коркпоңуз. Өзүңүздү басынтууга жол бербей, башты өйдө көтөрүңүз.

7.Декретте көпкө отурбаңыз. Кайра ишке кайтып келүү кыйын болот.

8.Кесиптештериңизге «Сиз» деп кайрылыңыз. Сый сизге деген көз карашты, мамилени түздөйт.

9. Башканын жумушун жасабаңыз. Өзгөлөрдү өзүңүзгө жүк кылып үйрөтөсүз.

Булак: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу