Ийгиликке жеткиңиз келсе…

Жашоодо, бизнесте дос-курбулардан бир кадам алдыда болгуңуз келсе, төмөндөгүдөй эрежелерди күн тартибиңизге киргизген оң.

1. Күндөн мурун ойгонуу

Ийгиликке жеткен кесипкерлерлин, ойлоп тапкычтар менен тарыхта аты калган окумуштуулардын баарына таандык бир эреже бул – эрте туруу. Буга байланыштуу элибизде «Эрте турган эркектин ырысы артык, эрте турган аялдын бир иши артык» делет. Ошондой эле чоң апаларыбыз «Эрте тур ырыскыдан кем каласын” деп ойготушаар эле.

Анысы кандай таңкы тилек бат кабыл болот дейт улуу адамдар. Бул чын. Муну мындай түшүндүрсө болот. Мисалы, сиз коммуналдык төлөмдөрдү төлөгөнү бардыңыз дейли, адам көп. Эмне кыласыз? Айла жок, кезегиңизди күтөсүз. Кечке чейин кезегиңиз келип, төлөйсүз. Ал эми алдыңызда 7 миллиард адам болсо, кезегиңиз качан келет?

Жер бетинде 7,5 миллиард адам бар, алардын баары тең күдө кудайдан тилек тилейт. Сиз дагы. Бирок, тилегиңиз канчанчы болуп кезекке тиркелгенин билбейсиз. Ошондуктан, эртең менен башкалар уктап жатканда, сиз эрте туруп тилек айтууну адат кылыңыз.

Ошондой эле, эрте туруунун башка дагы пайдасы көп. Мисалы, үй жумуштарынын бир азын эрте туруп бүтүрүп таштоого болот. Эрте турсаңыз, таңкы машыгуу, боёнуп, чачты жасаганга да убакыт табасыз. Баарынан эрте жумушка келсеңиз, кесиптештериңизден көп жумуш аткарасыз. Бул кызматта көтөрүлүүгө себепчи болот.

2. Чет тилин үйрөнүү

Акылмандар «Бир тил билген – бир адам, эки тил билген – эки адам» деп айтып кетишкен. Ал эми А.Чехов мындай деген: «Бир тил билбеген адам өзүн паспортсуз жандай сезет». Замандаштарыңыздан бир кадам алдыда жүргүңүз келсе, тил үйрөнүңүз. Ал үчүн атайы курска баруунун кереги жок. Бүгүнкү күндө интернетте онлайн-курстар жетиштүү. Өз алдыңызча тил үйрөнөм дегендерге да интернетте мүмкүндүк мол. Мейли, күнүнө 10 сөз гана сөз жаттап туруңузчу.Ошонун өзүндө сиз күнүнө бир сөз да жаттабаган досуңуздан көп билесиз.

3. Китеп окуу

Китепти көп окусаңыз, өзүңүздүн кайсы жерде адашып жүргөнүңүздү билесиз. Андай болсо, ар дайым билимиңизди арттырып, билбегениңизди үйрөнүүгө аракет кылыңыз. Ал эми ашыкча билим – китепте. Азыр китепканада да, китеп дүкөндөрүндө да издегениңизди оңой таба аласыз. Эч болбосо интернеттен электрондук китептерди окуңуз.

Досторуңуз ютубтан кино көрүп отурганда же болбосо дүйнөлүк желелерде эч пайдасы жок бирөөнүн постун окуп жатканда, сиз пайдалуу китеп окуңуз. Мисалы, «1 жашар балага кандай массаж жасаш керек?» деген темадагы китептерди окуп, массаж жасаганды үйрөнүп алыңыз, массажистке барып акча коротпой каласыз. Же болбосо «Гельди, лакты тырмакка боёнун эрежеси» эреже боюнча интернеттен пайдалуу кеңештерди окуп үйрөнүүгө болот. Ошондо ай сайын сулуулук салонуна акча жумшабайсыз жана муну кошумча киреше булагына айланытууга болот. “Көп жашаган эмес, көптү көргөндөн сура» деген акыл кеп бар.

4. Спорт менен машыгуу

Максатка жеткиңиз келсе, чарчап-чалдыгып жарым жолдо калып кетпешиңиз үчүн дененин саламаттыгы алдынкы орунга коюңуз. Денеңиз соо болсо, тоону да томкоро аласыз. Милдеттүү түрдө спорт менен машыгыңыз.

Мына ушул төрт гана эрежени калыпташтырып, башкалардан алдыга озушуңуз керек. Жалпысынан дос, курбулар менен салыштыруу психологиясы сизге өзүңүздү «камчылоо үчүн» гана кажет. Ушуну туура түшүнүңүз. Чындыгында, сиз өзүңүздү эч качан башка менен салыштырбаңыз. Өзүңүздү «өткөн чактагы өзүңүз менен» гана салыштырып, «кечеки өзүңүздөн» озууга тырышканыңыз жөн.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу