ИИМ: Сабалганы да, кол көтөргөнү да милициянын мурдагы кызматкерлеринин уулдары

Ички иштер министрлиги Бишкекте сабалган окуучу да, ага кол көтөргөн бала да мурда милицияда иштеген адамдардын балдары экенин кабарлады. Мекеменин тараткан маалыматында жабыркаган баланын атасы 2013-жылы Чүй милициясында иштеп жүрүп пенсияга чыкканы, ал эми айыпталуучунун атасы 2017-жылы ИИМден пенсияга кеткени айтылат.

12-октябрда Бишкектеги №47 мектептин 8-классынын окуучусу ур-токмокко кабылып, ооруканага түшкөн. Анын мээси чайкалып, эрди айрылып, мурду сынган. Териштире келгенде ал бала дүкөнгө баратып жолдо турган 9-класстын окуучусуна ийини тийип кеткенин, ошондон уруш чыгып, сабалганын айтып берди.

Ленин райондук соту “Бейбаштык” жана “Опузалоо” беренелери менен кылмыш ишин козгоду. Бирок жабыркаган бала опузалоо болбогонун айтууда.

Ички иштер министрлигинин жетекчилиги ишти териштирүүнү жеке көзөмөлүнө алды.

Окуя тууралуу маалымат тараганда социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары кол көтөргөн окуучу милиционердин баласы экенин жазып, кызуу талкууга алышкан.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу