ИИМ: Алты ымыркай сатылганы аныкталды

Ымыркайды соодалоо фактысына байланыштуу козголгон кылмыш ишин тергөө убагында алты баланы башка үй-бүлөгө саткан учур аныкталды. Дагы эки ымыркайдын дайыны чыкпай жатат. Бул тууралуу ИИМдин тергөөчүсү Буланбек Чойбеков “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” берүүсүндө маек куруп жатып билдирди. Сатылган ымыркайлардын алды 2,2 жаш, кичүүсү быйыл августта төрөлгөн. Ымыркайлар болжол менен 1,5-2 миң долларга бааланган.

Милиция Бишкектеги үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун биринде иштеген гинекологдор бала сатуу боюнча шек саналып кармалганын 7-сентябрда жарыялаган.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу