ИИМДИН МОСКВАДАГЫ ӨКҮЛЧҮЛҮГҮ АЛМАШТЫ

ИИМдин Москвадагы өкүлчүлүгү алмашты. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлайт.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгүнө жетекчи болуп Раим Салимов бекитилди. Ал буга чейин ИИМдин 10-башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген.

Ага чейин бул кызматты ээлеп келген Аскат Алиев Кыргызстандын ИИМинин КМШ аймагында Уюшулган кылмыш менен күрөштү тескөө бюросунун директорунун орун басары болуп дайындалды.

Булак:Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу