ИИМдин башчысы жумуштан бошоп калбайын деп 15 килограмм арыктады.

Тажикстандын Ички иштер министри Рамазон Рахимзода ашыкча салмагы бар милиция кызматкерлери иштен бошотулары тууралуу анын буйругу күчүндө экенин маалымдады. Бул тууралуу Asia-Plus жазды.

“Мында улам Тажикстандын ички иштер министрлигинин кадрлар бөлүмүнүн башчысы Сухроб Рахмонзода буйрук кабыл алынгандан кийин 15 килограмм салмак таштаган”,-деп айтты министр.

Ал ашыкча салмагы бар жыйырмага жакын милиция жумуштан бошотулганын кошумчалады.

Эскерте кетсек, 2016-жылы декабарь айында Тажикстандын ички иштер министри  ашыкча салмагы бар кызматкерлер ишинен кетирилери боюнча буйрук чыгарган.

БУЛАК: BAROMETR.KG

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу