ИИМде жаңы кызматтар түзүлгөндөн кийин 200 кызматкер жумушунан бошотулду

Ички иштер министрлигинде 6 кызмат түзүлгөндөн кийин 200 кызматкер жумушунан бошотулду. Бул тууралуу 25-августта Жогорку Кеңештин жыйынында аталган ведомствонун башчысынын милдетин аткаруучу Улан Исраилов билдирди.
Депутат Жанар Акаев криминалдык чөйрө менен өкмөт кантип күрөшө турганын сурады.
«Криминалдык чөйрө менен күрөшүү биздин негизги максат. Соттордун чечимдерине карабай, биз алар менен күрөшүүнү токтотпойбуз», — деди ИИМдин башчысы кызматына талапкер У.Исраилов.
Ошондой эле, ал кызматкерлер үчүн турак жайлар курулуп жатканын айтып, 6 кызмат түзүлгөнүн белгиледи.
Жогорку Кеңеште өкмөттүн жаңы курамын бекитүүчү кезексиз жыйын суроо-жооп менен улантылып жатат.

Булак: turmush.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу