Изумрудхан Токсонбаева, экстрасенс: “Владимир Путин менен Сооронбай Жээнбеков бул жылы өтө жакындашып кетет…”

Экстрасенс, элдик дарыгер Изумрудхан Токсонбаева менен гезитибиздин өткөн сандарында маек куруп жарыялаганбыз. Андан бери Измурудхан айымга кызыгуулары жаралып, көптөгөн кайрылуулар болду. Жогорку билимдүү дарыгер айымга Жараткандан кошумча касиет келип, элдик дарыгер катары кабыл ала баштаганына эз эле убакыт болгон. Айткандары дал келип, эл аягы үзүлбөй ишенгендер арбын. Бүгүн да Измурудхан айым менен келе жаткан 2019-жыл, алдыда орун ала турган саясый окуялар, саясатчылар тууралуу кеп курдук.

– Жыл жаңырар алдында турабыз. Адатта дүйнө экстрасенстери жыл жаңырарда төлгө таштарын сүйлөтүп, карталарынан эл көрбөгөндү көрүп, өз божомолдорун айтып чыгышат. Сиздики кандай?

– Ооба, ар бир жаңы жылга кадам таштарда түрдүү ойлорго тушугабыз. Келечекте эмне болору, кандай өзгөрүүлөр күтүп турганы өтө кызык. Жаман эмес. 2019-жыл кыргыз эли үчүн эсте кала турган жакшы жылдардын бири болот. Айрыкча президенттин кадамдары жакшы болот. Бул адамдын ниети жакшы. Мурдагы президенттердин катасын кайталабаш үчүн болгон дарамети, ниети менен эл үчүн иштеп бергиси келип турат. Азыраак тоскоолдуктары бар, бирок баарын жеңет. Коррупция менен күрөшү да жакшы жүрөт. Орусия менен мамилебиз өтө жакшырат. Владимир Путин менен Сооронбай Жээнбеков бул жылы өтө жакындашып кетет.

– Башка кошуна өлкөлөр менен мамилебизчи?

– Айрыкча төлгөмө даана түшкөнү Владимир Путин менен Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдоган болуп турат. Бул өлкөлөр менен мамилебиз өтө ысык болот. Президенттер биргеликте бир нече келишимдерге кол коюшат. Кытай, Казакстан, Өзбекстан – бул өлкөлөр менен да биргелешкен бир топ иштер жүзөгө ашат. Эң негизгиси өнүгүү жылында болобуз.

– Кытай менен мамиле кооптондуруп турат го?

– Мына, төлгөмдө жакшы-жаман эч нерсе көрө алган жокмун. Кытай менен коркунучтуу мамилени айтуудан алысмын.

– Өткөн жылдагыдай эле бир топ камактагы саясатчылар эркиндикти, азаттыкты күтүп оту-рушат…

– Көпчүлүк саясатчылардын ичинен Өмүрбек Текебаев менен Сапар Исаковдун тез арада камактан чыгары көрүнүп жатат. Башкаларын «тез арада» деп айта албайм. Айрымда-рыныкы дагы создуга берет. Бирок, камактагы саясатчылар менен бийликтин мамилеси дагы жумшарат.

– Жаңы жылдан кийин жашоосун жакшы нукка буруп, жаңы жашоо баштагысы келген, өзгөргүсү келген адамдар кайрылуудабы?

– Мага кайрылгандардын баары эле «жашоомду жакшы жакка өзгөртсөм, үй-бүлөлүү болсом, иштерим жүрүшүп кетсе» деп кайрылышат. Жаңы жыл алдында деле адамдар ошондой маанайда. Мен болушунча дубаларымды окуп, Жараткандан ал” адамга болгон жакшылыкты ар бир күнү суранам. Шам жагып, жалпы кыргыз элиме тынчтык, ынтымак, өсүп-өнүгүү тилегеним тилеген. Жакшы тилек менен келип, турмушу өзгөрүлгөндөр көп. Өлкө президентинин иши жакшы болсо калктын турмушу да оңолот. Мен эми өнүгүү жолунда көпчүлүктү суктандыргай өлкөгө айлансак деген тилектемин.

– Сиз экстрасенс болуп сырларын билсеңиз керек, ак нерседен да кара нерсени бат ишке ашырышат. Кара магия менен иштегендер кардарынын оюн аткарып койгон учурлар көп экени таңгалычтуу…

– Алар жиндер менен иштешет. Жиндерди багындырып, жиндер менен терс ойлорун тез ишке ашырып, Кудайга күнөөкөр болушат. Жинди байлагандар – кара магия менен иштегендер. Мен ошол адамдардагы кара нерсени, кара дубаны жандырууга күчүмдү жумшайм.

Маектешкен: Жамиля Нурманбетова

Булак: «Азия ньюс»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу