Идрис Кадыркулов ИИМге, Сагынбек Исмаилов УКМКга…

Генералдардын берген маалыматына караганда, күзгө карай ИИМ жетекчиси Кашкар Жунушалиевдин ордуна Идрис Кадыркуловдун дайындалары, ал эми УКМК төрагасына АКСтен Сагынбек Исмаиловдун секирик жасашы күтүлүп атыптыр.

Мындай кадрдык өзгөрүүлөр Атамбаевге каршылык көрсөтүү, асыресе, камакка алуу боюнча алдын ала даярдыктар катары божурашууда. Эгерде Кашкар мырзаны адатынча беш айдан кийин кайра кызматтан алуу менен эски жолойлоруна түшүшсө, аягы жакшы бүтөбү?

Эгерде дал ушундай кутүүсүз жүрүштөр болуп атса, анда бийлик короосу тынч эмес окшойт…

Булак: «Азия Ньюс»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу