Идеялдуу келинде болуучу 17 сапат


Идеялдуу жолдош, аялын идеалдуу деп санаган адам деп коет экен.

Мырза үчүн идеалдуу жубай ким? Болочоктогу кайын эне, кайын журт үчүн идеалдуу келин ким? Ал кандай сапаттарга ээ болуш керек? Алдыдан Oilon.kg маалымат булгаы иликтеп көрдү.

 

1.Ал жолдошун чын жүрөктөн  жакшы көрөт, ал үчүн баарына даяр. Жолдошу берген жашоого эч качан сын пикир айтпайт. Күйөөсү таап келген оокатка ыраазы болуп, жоктон бар кылып жашаганды билет.

2. Кайын журтту сыйлайт. Аларды ар дайым жылмаюуу менен тосуп алып, сүйүктүү тамак ашын бышырып берет.

3. Кайын эне, кайын ата, кайын сиңди, кайын ага ж.б кийим кечесин, айттырбай жууп тазалап турат.

4. Ал кечинде үйдөгүлөрдүн курсагын тойгузуп, төшөгүн камдап, баарын жаткырып өзү элдин эң аягында уктайт. Эртең менен элден биринчи туруп, туугандар ойгонгончо тамак дасторкон жайып коет. Кыскасы ал УЙКУНУ ЖАМАН КӨРӨТ!

5. Ал үй оокат, бала чакага карабстан ар дайым сулуу, таза тыкан жана жагымдуу болуп жүрөт.

6. Ал тамак-ашты шаардын ресторандарынын шев- ашпозчусунан кем калышпай жасайт.

7. Мыкты келиндин келгенине 20 жыл өтсө да өмүр бою кайын эне, кайын атаны көргөндө жүгүнүүнү унутпайт.

8. Кайын эне менен айтышпайт, анын айткан керээздерин кунт коюуп угуп, ар дайым ага жагынуунун жолдорун издеп турат.

9. Анын 6 баласы болуп, шаарда өмүр бою жашап, өзү бийик кызматта иштесе да, кайын журт келгенде башына ак жоолук салынып өзүнүн келиндик парзын аткарат.

10. Баш ооруу, сасык тумоо ж.б оорууларды билбейт, анын ден соолугу чың болот.

11. Кадай кырдаал болбосун, кандай сөз укпасын ал дайыма сабырдуулукту сактап эмоциясын контролго алганды билет.

12. Өзү шаардык болсо да, айылга барганда иче карын артып, карын тазалап кыргыз “Деликатестерин” даярдай алат.

13. Идеалдуу жубай жолдошунун иши жүрүшпөй жатса, түшүнүп чыр чатак салбайт.

14. Ал эч качан жолдошу менен элдин көзүнчө урушпайт жана аны басынтып сүйлөбөйт. Кандайдыр бир маселе жаралса «жолдошум менен акылдашайын», же «жолдошума айтып көрөйүн» деген жооп узатат.

15. Жолдошунун кийим-кечесин таза тыкан кармап аны менен дайыма сыймыктанып жүрөт.

16. Ал чылым чекпейт, спирт ичимдигин ичпейт.

17. Ал бир эле маалда сүйүктүү иши менен алектенип, бала-чаканы тарбиялап, жолдошун ыраазы кылып, кайын журтуна жагынып, ата энесине көңүл бурууну унутпай, жашоо деген тепкич жогорулайт.

Мына ушундай оңой эмес “Келин”  “ Жубай” деген кызматта дүйнөдө бир гана кыргыз кыздары, кылымдардан бери татыктуу аркалап келишет.

Булак: oilon.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу