Идеалдуу түгөйдү төрөлгөн күнүнө жараша тандайбыз

Бир айымдын мүнөзү экинчи айымга эч качан окшошпойт. Изилдөөлөргө таянсак, мындай айырмалуулук кандайдыр бир деңгээлде алардын төрөлгөн күнүнө да байланыштуу.

Дүйшөмбү

Табиятыңыздан сезимтал, боорукерсиз. Күйөөңүздүн айтканын уга жана ага көнө билесиз. Жаңы шартка тез ыңгайлашып, дайыма өз жүрөгүңүздү угуп иш кыласыз. Даамдуу азыктанганды, жакшы жана жарашыктуу кийингенди каалайсыз. Төшөктө назик, кыялкеч, мээримдүү боло аласыз.

Сизге идеалдуу түгөй болчу адам: дүйшөмбүдө, шейшембиде төрөлгөндөр.

Шейшемби

Берешен жана өтө кумарлуусуз. Башкарганды жактырасыз, ачууңуз тез келет, оор мүнөздүүсүз. Эркектерди тарткан негизги сапаттарыңыз – акылдуулугуңуз, сөздөрүңүздө юмордун бар экендиги. Эркиндикке, көз карандысыздыкка умтуласыз. Бир гана нерседен коркосуз: кызыксыз, бир өңчөй жашоодо жашагандан. Сүйүү сиз үчүн кызыктыруучу оюн гана. Төшөктө романтик эмессиз жана түгөйүңүз ырахат алып жатабы, ал сизди кызыктырбайт. Анткени өзүмчүлдүк жайыңыз бар.

Сизге идеалдуу түгөй болчу адам: дүйшөмбүдө, бейшембиде төрөлгөндөр.

Шаршемби

Абдан токтоо, сезимтал, сүйкүмдүү, өтө назик жансыз. Адамдар менен тез тил табышып кетесиз. Сүйгөн адамыңыздан туруктуулукту, ишенимдүүлүктү талап кыласыз. Ошондой эле анын сырткы келбетине, өң-түсүнө эмес, адамдык сапатына, ыйманына көбүрөөк маани бересиз. Бир көрүп сүйүп калуу дегенге таптакыр ишенбейсиз. Төшөктө ар кандай ыкмаларды колдонуу зарыл, көп кырдуулук керек деп эсептейсиз.

Сизге идеалдуу түгөй болчу адам: жума, жекшемби күнү төрөлгөндөр.

Бейшемби

Токтоо, өзүңүзгө ишенимдүү, калыс, уюштуруучулук жөндөмү бар, бардык чөйрөдө лидер болууга ашыккан адамсыз. Сүйүүдө анча туруктуу эмессиз. Эркиндикти, саякаттаганды жактырасыз. Кимдир бирөөгө толук баш ийип, ага көз каранды болуп жашоо – сиз жек көргөн нерсе. Мырзалардын башын айландырып, аларды магнит сыяктуу тарткан сиздеги башкы сапаттар: табигый сулуулугуңуз жана ичиңизде арамдыктын жоктугу.

Сизге идеалдуу түгөй болчу адам: ишембиде төрөлгөндөр.

Жума

Шайыр, кыялкеч, өтө сезимтал, жоопкерчиликтүүсүз. Өзгөлөр менен тил табышууда кыйналбайсыз. Негизи жума күнү төрөлгөндөрдүн көпчүлүгү – искусство адамдары жана илимпоздор. Андыктан сиз да кооз үндүн, артисттик шыктын ээсисиз жана сулуулукка суктанганды жактырасыз. Дайыма кимдир бирөөлөрдүн сизге кам көрүп, коргоп турууларын каалайсыз. Сиз корккон нерсе – жалгыздык. Үй-бүлө куруу – башкы максатыңыз.

Сизге идеалдуу түгөй болчу адам: дүйшөмбүдө, ишембиде төрөлгөндөр.

Ишемби

Түнт, табышмактуу, оригиналдуу, эч кимге көз каранды эмес, токтоо, жоопкерчиликтүү, бекем жана чечкиндүү – мунун баары сизге тиешелүү сапаттар. Ызы-чууну, туруксуз мамилелерди сүйбөйсүз. Турмуш курууга терең көз караш менен карайсыз. Бир көрүп ашык болуудан алыссыз. Жүрөк менен эмес, акыл менен сүйө билүү – сүйүүдөгү негизги принцибиңиз. Төшөк жаатындагы алгачкы тажрыйбаңыз өмүрлүк жолдошуңуз менен гана башталат. Анткени күйөөгө таза баруу – сиз үчүн чоң милдет.

Сизге идеалдуу түгөй болчу адам: дүйшөмбү, шаршемби, жекшемби күндөрү төрөлгөндөр.

Жекшемби

Кайраттуу жана кумарлуусуз, ийгиликтерди көп жаратасыз. Бардык нерсеге чыгармачылык мамиле жасайсыз. Түгөйүңүз сизди эмес, сиз түгөйүңүздү тандайсыз. Кимдир бирөөгө баш ийип, анын айткандарына макул боло билүү сиз үчүн өтө оор. Эркиндигим чектелбесе, күйөөм оюм менен болсо дейсиз. Үй-бүлөдөгү негизги кыймылдатуучу күч көпчүлүк учурда сизге тиешелүү. Ар бир төшөк мамилесинде ар башка болуп жаңырып, жаңыланып турганга аракет кыласыз жана төшөктө күйөөңүздүн дайыма көңүл буруусун талап кыласыз.

Сизге идеалдуу түгөй болчу адам: шаршембиде, жекшембиде төрөлгөндөр.

Аскербек кызы Саада

Булак: Леди.кж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу