Игорь Шестаков, саясат таануучу: “Курултайчылар алгач өздөрүнө баа берсе болмок”

—        24-ноябрда саясий жана жарандык коом тарабынан курултай өтөт экен. Ушул иш-чара боюнча сиздин пикириңиз кандай?

—        Курултайды өткөрүү тууралуу маалымат жыйынына катышкандар өздөрү мамлекеттик түзүмдөрдө иштеп келишкен. Кайсы президент кандай иштеди деп сураганга чейин алар өздөрү мамлекетке кандай иштеп бергенин, өз ишмердүүлүгүндө эмнеге жетишип, элге кантип отчёт беришкенин айтышса болмок. Бирөөнүн ишин сындаган оңой, бирок өзүнөн баштаганы туура.
—        Бул курултайдын юридикалык жагы кандай болуп калат?
—        Курултайдын юридикалык статусу түшүнүксүз болуп турат. Уюштуруп жаткандардын макамы деле белгисиз. Арасында белгилүү чиновниктер болгону менен, алар Кыргыз жарандарынын тобу эле болуп калат. Эртең дагы бир топ түзүлүшү мүмкүн. Менин оюмча, парламент жарым жыл сайын шайлоочулардын алдында отчёт берип турганы оң. Жогорку Кеңештеги партиялар дагы иштеп баштагандан кийин бир жылдан соң шайлоо алдында берген убадалары боюнча отчёт берип турганы жакшы. Тилекке каршы, мындай болбой жатат. Эмне үчүн парламент кайсы бир адамдардын тобуна отчёт бериши керек.
Булак: Super.kg сайты

Аргумент.kg
Жооп калтыруу