Игорь Чудинов депутаттык мандаты менен түбөлүк коштошту

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты И.Чудиновдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Бул тууралуу NazarNewsка КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү билдирди.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинин 3-бөлүгүнүн 6-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65–беренесинин 4-бөлүгүнүн 5-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 7-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктары ага карата соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген учурдан тартып мөөнөтүнөн мурда токтотулат.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун 2017-жылдын 19-декабрындагы өкүмү менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Чудинов Игорь Витальевич Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза Кодексинин 304-беренесинин 4-бөлүгү менен каралган кылмышты жасоого күнөөлүү деп табылып, жаза катары 50 000 (элүү миң) эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, башкача айтканда 5 000 000 (беш миллион) сом айып салынган.

2018-жылдын 1-июнунда Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштери жана административдик укук бузуулар боюнча соттук коллегиясынын өкүмү менен Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты И.Чудиновко карата 2017-жылдын 19-декабрындагы айыптоо өкүмү өзгөртүүсүз калтырылган.

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодексинин 359-беренесине ылайык, апелляциялык инстанциядагы соттун өкүмү ал жарыяланган учурдан тартып мыйзамдуу күчүнө кирет. Бишкек шаардык сотунун 2018-жылдын 1-июндагы өкүмү менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты И.Чудиновко карата Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун 2017-жылдын 19-декабрындагы өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацына ылайык, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотулушу, негиз келип чыккан күндөн тартып 30 календардык күндөн кечиктирилбестен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан кабыл алган чечим менен жүзөгө ашырылат.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, 2018-жылдын 14-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты И.Чудиновдун ыйгарым укуктарын мөөнүнөн мурда токтотуу боюнча токтом кабыл алды.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу