Ибрагим Жунусовдон башка идиректүү табылбадыбы?

Жогорку Кеңештин тармактык комитети 13-ноябрда Ибрагим Жунусовду Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси кылып дайындоого макулдук берди. Жунусов саясатка, мамлекеттик жогорку кызматтарга маданият тармагынан келген жана ириде ырчы катары аты чыккан. Мурунку президент Курманбек Бакиевдин тушунда бийликчил «Акжол» партиясынан депутат болгон жана ошол кездеги оппозицияны кескин сындап келгени менен таанылган. Ибрагим Жуңусовдон башка идиректүү табылбаганы тангалдырат…

Парламентге Ибрагим Жунусовдун талапкерлиги каралып жатканда анын чыгармачылыгындагы жаңылыктарга да кызыккан депутаттар болду. Ал «Республика – Ата Журт» фракциясынын депутаты Руслан Казакбаевдин бул тууралуу суроосуна жооп берип жатып, «ырдабай ишин кылбайбы» деген мазмундагы сөздөрдөн улам жаңы ырларын жарыялабай жатканын тамаша-чын аралаш айта кетти.

Булак: «Азия ньюс»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу