Зыяратчыларды ташый турган авиакомпания аныкталат

Бүгүн, 28-январда ажылык зыяратка барчуларды ташуу үчүн авиакомпаниялар арасында жарыяланган сынактын жыйынтыгы чыгарылат.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришкендей, 2018-жылдын 28-декабрында зыяратчыларды ташууга Кыргызстан менен Сауд Арабиясынын авиакомпанияларына сынак жарыяланган. Анын жыйынтыгы 28-январда чыгышы керек.

Авиациялык ишканаларга “бир учакка 250дөн киши батышы керек, сынактан Сауд Арабиясынын авиакомпаниясы утса анын Кыргызстанда өкүлчүлүгү болсун жана адал тамак-ашн” деген талаптар коюлган.

Сауд Арабиясы быйыл ажыга барууну каалаган кыргызстандыктар үчүн 5510 квота бөлгөн.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу