Зордуктоо менен аяктаган ала качуу: «Зордуктап жатканда сиңдим жигиттин ата-энесинен жардам сураса укпай коюшуптур» дейт эжеси

«Зордуктап жатканда сиңдим жигиттин ата-энесинен жардам сураса укпай коюшуптур» дейт алгач ала качылып барып кийин зордукталган 18 жаштагы кыздын эжеси.

Ал анын сиңдисин алар жашаган батирдин кожейкесинин тууганы аларга жардам бергени чыкканда экөө болуп Жумгалга ала качып кеткенин айтат.

Андан сырткары зордуктап жаткан учурда сиңдиси баланын ата-энесинен жардам сураса укпай, жардам беришпей койгонун да билдирди.

«Биз Бишкектен милиция кызматкерлери менен чогу чыгып бардык. Ага чейин телефондон сүйлөшсөк, ыйлап, алып кеткиле деген болчу. Биз барсак сиңдимди жергиликтүү милиция бөлүмүнө алып келип коюшуптур. Анын денеси бүт көк ала, колдору тытылган. Ала качкан күнү сиңдим менен баланы бир бөлмөгө киргизишиптир. Зордуктап жаткан учурда сиңдим баланын ата-энесинен жардам сураса укпай, жардам көрсөтпөй коюшуптур», — дейт эжеси.

Булак:lenta312.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу