Зордуктоого шектелип 5 жылга эркинен ажыратылган Олимпиаданын 2 жолку чемпиону Кыргыз жергесинде машыктыруучу болот

Зордуктоого шектелип 5 жылга эркиндигинен ажыратылган дзюдо боюнча Олимпиаданын 2 жолку чемпиону япониялык Масато Утисиба Кыргыз жергесинде машыктыруучу болот. Бул тууралуу япониялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Масато Утисиба 2004-жылы Афиныда өткөн жана 2008-жылы Пекинде өткөн Олимпиадада чемпион аталган. Ал 2011-жылы студент кызды зордуктады деп шектелип камакка алынган. 2013-жылы Утисибанын күнөөсү далилденип, спортчу 5 жылга эркининен ажыратылып, Япониянын дзюдо федерациясынан четтетилген.

SUPER.KG’ге өздүк булактар билдиргендей, Масато Утисиба Кыргыз өлкөсүндөгү дзюдо клубдарынын бирине машыктыруучу болот.

«Масато Утисиба Олимпиада чемпионунун тажрыйбасын үйрөтүү максатында өлкөбүздө жаңы ачылган дзюдо клубуна машыктыруучу болот. Ошондой эле ал Кыргыз курама командасына 2020 жана 2024-жылы өтө турган Олимпиада оюндарында ийгиликтүү жыйынтык көрсөтүүгө жардам берет. Азыркы тапта Масато Утисиба Кыргыз өлкөсүнө келип, келишим боюнча август айында жумушун баштайт», — деп билдирди өздүк булактар.

Булак: Super.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу