Зилалиев 2 жылга камалабы?

Президент резиденцияда ант берип, Ак үйдү көздөй келатканда Дүйшөнбек Зилалиев деген «бомба» жаргыч, жолдо турган ИИМ академиясынын курсант кызына «Форма жарашат экен» деп айтам деп, «бомба жарылат» деп айтып жибергенби, ошондон бери тилдин азабын тартып келатат. Кечээ күнү ушул иш боюнча соттук отурум уланып, жарыш сөзгө чыккан прокуратуранын өкүлү Зилалиевдин бомба жарылат деп айтканын, аны эки жылга абакка кесүүнү суранды. Зилалиевдин жактоочусу болсо коюлган айыптар далилденбегенин айтып чыкты. Зилалиевди курсант кыздын айтканы менен эле эки жылга кесип салуу күлкүлүү иш болчудай болуп туру. Дүйшөнбек бомба жарылат деп айтчу жаш бала болбосо керек.

Булак: «Жаңы Ордо»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу