Зилалиев УКМКнын тергөө абагына эки айга камакка алынды

Чечимди Биринчи Май райондук соту 9-декабрда кабыл алды.

 Бишкекте кармалган  Дуйшонбек Зилалиев УКМКнын тергөө абагына эки айга камакка алынганын Sputnik Кыргызстан агенттигине укук коргоо органдарынан билдиришти.

Камакка алуу чечимин Биринчи Май райондук соту 9-декабрда кабыл алды.

Мурунку вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев байлыгын мыйзамсыз топтогон деген кине менен кармалган. Иш аткаминердин киреше тууралуу декларациясын текшергенден кийин козголгон.

Эскерте кетсек, Зилалиев Биринчи Май райондук соту тарабынан президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы күнү бомба тууралуу жалган маалымат бергени үчүн уч жылга шарттуу кесилген.

Булак: Спутник

Аргумент.kg
Жооп калтыруу