Зилалиевдин кезектеги “оолукмасы”

Ушул Дүйшөнбек Зилалиев деген чиновниктин атын атагандан да уяла турган болуп калдык. Өткөн жылы кыска убакыт аралыгында эле (үлкөн кызматтарда туруп –вице-премьер-министр) эки жолу тилинен жаңылып, элге уят болгону бар эле. Биринде, президенттик шайлоо алдында негизги талапкерлердин бирин колдоого чакырык жасап аткан видеосу таркаган. Мамлекеттик жогорку кызматта туруп мындай үгүт ишин жүргүзүүгө болбой тургандыгын билип туруп, ошондой кадамга барган эле. Айрым маалыматтарга караганда, ал бул кадамды атайын жасаган, болгондо да ошол өзү үгүт жүргүзүп аткан талапкердин рейтингин түшүрүү максатында. Экинчисинде, бир милиция кызматындагы кызга “бомба” экенсиң деп тийише коем деп коомчулукка уят болгон. Эми болсо дагы бир кызыктуу таржымалы тууралуу кеп кетүүдө. Өткөн 2017-жылдын 13-14-декабрында президент С. Жээнбековдун коңшулаш Өзбекстанга расмий сапары болгон.

Расмий делегациянын курамына мына ушул эргул Д. Зилалиев дагы Маммүлк фондунун жетекчиси катары кошулган. Белгилей кете турган нерсе, расмий сапарлардын графиги церемониалдуу сый-урмат көрсөтүүлөр менен коштолот. Чыгышта бул эки эсе көбүрөөк болору белгилүү. Ошентип ал сапарда мейманкананын номурундагы баардык шарты менен жагдайлар, вино-арак-шараптардын тизилип турушу Д. Зилалиевдин тамагын кургатып, көзүн кызартып жиберген экен. Жыйынтыгында ал шараптан татып отуруп, тан атканча эстен тангандай абалда болуп калган экен. Таң атканда аны президенттин булчуңдары буркуйган күзөтчүлөрү да жулкулдатып ойгото албай коюшуптур. Жыйынтыгында эки өлкө ортосунда кол коюла турган келишимдердин тизмесиндеги бир документке кол коюлбай калат. Кийинчерээк гана протоколду бузуу менен кыргыз тарап коңшуларды көндүрүп, ал келишимге кол коюшуптур. Мына ушундай ичкилик ичкенде эч нерсени билбей калган Д. Зилалиевдей чиновниктер чет мамлекеттерге жасалган сапарларда Кыргызстандын жүзүн жер карата береби?

Аргумент.kg
Жооп калтыруу