Дүйшөнбек Зилалиевдин банктын эсебинен бир миллион доллар табылды деп билдиришет укук коргоо органдары.
Алардын маалыматында, Дүйшөнбек Зилалиев 10-февралга чейин камалды. Ага мыйзамсыз жол менен байлык топтоо айыбы тагылууда. Учурда Зилаевдин Геология жана кен байлыктарды колдонуу агентигин жетектеген кезде кайсы кенге лицензия саткандыгы текшерилүүдө.
Дүйшөнбек Зилалиевге былтыр 24-ноябрда президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясынан кийин Кылмыш-жаза кодексинин 228-беренеси («Террорчулук жөнүндө атайылап жалган маалымат таратуу») менен иш козголгон.
Бишкектин Биринчи май райондук соту Зилалиевди бул иш боюнча күнөөлүү деп таап, үч жылга шарттуу соттогон.
Булак: NazarNews.kg