Зеленскийдин кортежи балдарды ташып бара жаткан автобус менен сүзүштү

Украина президенти Владимир Зеленскийдин кортежиндеги автоунаа балдарды ташып бара жаткан автобус менен сүзүштү. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Кырсык 14-июль күнү Запорожская облусунда болду.

«Балдарды эс алуудан артка алып келе жаткан автобустар колоннасын президенттин кортежиндеги Volkswagen Touareg үлгүсүндөгү эки жеңил автонунаа жана коопсуздук кызматынын бир автобусу озуп өтүүгө аракет кылган. Ошол маалда бир жеңил унаа менен балдар бара жаткан автобус сүзүшкөн. Бактыга жараша, жабыркагандар болгон жок», — деп айтылат маалыматта.

Киев шаарына бара жаткан кортеждин ичинде президент Зеленский өзү болгон эмес. Анткени ал учак менен кеткен.

БУЛАК:sputnik.kg 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу