Зарылбек Рысалиев, “РАЖ” фракциясынан ЖК депутаты: “Атын айтса ат үркөт, бирок, кылган иши жок”

— Зарылбек мырза, сиз “каржы чалгынын жоюп эле салыш керек” деген сунушту айттыңыз. Эмне үчүн жоюш керек?

— Мен алардын отчетун көрдүм да. Бир жылда 181 миң сом акчаны тоңдурушуптур. 28 киши иштейт экен. 181 миң сом эмне деген акча?! Бул эми иш деле эмес да. Орусча айтканда позор! Аталышын карасаңыз: “Кыргыз өкмөтүнө караштуу каржы чалгыны” деп турат. Атын айтсаң ат үркөт, адам үркөт. Бирок, кылган иши жок да. Бул жөн эле мамлекетке пайдасы жок мекеме болуп атат. Өзүбүз берген суроолорго да адамдын курсагы тоё турган жооп алалган жокпуз. Ошон үчүн мен ойлоп атам да. Эгер ушундай иштесе буларды Улуттук банкка эле бир филиал кылып, же УКМКга берип койсо жакшы болмок. Өзүнчө штат кармабай. Же болбосо нормально иштесин да. Булар айтып атпайбы, “биз бир миллиондон көбүрөөк акча келсе ошону гана көзөмөлдөйбүз” деп. Азыр террористтерди карасаңыз, чоң мамлекеттердеги теракттарды бир эле киши жасап атат. Ага көп деле каражаттын кереги жок. Мен ошону айттым.

— Депутаттардын бири айтпадыбы. “Булар ири суммадагы акчаларды тапса таап деле аткандыр, бирок, аларды “үстүңөн материал бар” деп тымызын коркутуп, жең ичинен бүтүрүп атышы мүмкүн” дегендей…

— Андайды да жокко чыгарууга болбойт. Балким, болсо болуп аткандыр. “Ал жердегилердин баары эле таза кишилер” деп айтыш кыйын, арасында балким ошондойлор бардыр.

— Сиздердин комитет каржы чалгыны кызматынын отчетун канааттандырарлык эмес катары баалады. Эми эмне болушу мүмкүн?

— Эми аны комитеттин жетекчилери Жогорку Кеңештин жетекчилери менен сүйлөшүп, чечишет да.

Керим МУРАС

Булак: Азия Ньюс 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу