Зарылбек Рысалиев, милициянын генерал-майору, экс-министр: “Бабанов элге жакшылык кылып, бир көпүрө, же бир айылга таза суу чыгарып берген эмес”

-Зарылбек мырза, Президент болом деп жулунгандар тууралуу эмне айтасыз?

-Бүгүнкү күндүн Манасы жок. Бакайы, Кошою, Алмамбети, Сыргагы да жок. Баары эле
чуулдагын Чубактар десе болот да. Президент болобуз деп баары жулунуп чыгып жатышат.
Эми ошолордун арасында Манас боло ала турган адам барбы? Макул, Манас болбой эле
коюшсун, Манас болуш кайдан, бирок Манас атабыз аткарган иштин кымындай бир
бөлүгүн аткара турган татыктуу адам барбы? Андай адамды күндүзү чырак менен издеп
таба албайбыз. Анткени жок. Талапкер болуп талпынып жаткандарды кара, бүт эле,
алдамчы, банкир-санкирлер чыгып алган. Президент болчу адам бүт байлыгын сатып,
туугандарынын бүт бизнесин сатып, андан түшкөн акчаны банкка салып, анан элге
кайрылып: “Кагылайын элим, мына мен бизнесимдин баарын саттым. Баланча миллион
болду. Банкка салдым. Мен элге ак кызмат кылам, уурдабайм, Манас атамдай боло
албасам да, таза иштейм.
Бизнес менен алектенбейм” – деп айтчулар барбы? Жок да, тескерисинче, байлыгы башынан ашып турса да,
кайра ошончо  байлык топтогонго жутунуп жатышпайбы. Кумтөр эмне болуп жатат? Таластагы Ждер-Үй кимге сатылды. Алик Ибрагимов (Граф) жарымы өзбек, жарымы еврей, Машкеевич толугу менен еврей, Муса Бажаев дегени чечен. Кыргыздын байлыгы ошол адамдарга сатылып жатпайбы? Аны ким сатып жатат? Бабанов сатып жатпайбы.

—Өзүңүздүн үкөңүз да…
-Туура, өзүмдүн жердеш үкөм, иним. Эми ошол үкөм эмне иш кылды, кыргызга? Башканы
айтпайлы, өз кичи мекени Таластын элине бир көпүрө салдыбы?
Салган жок да. Убада берсе укмуш берет, элди муютуп. Атамбаев көпүрө жөнүндө
сүйлөгөндү жакшы көрөт. Бабанов канча деген миллиарддаган байлыгы турса да, ушунча
жылда бир айылга бир көпүрө салдыбы? Бир айылда таза суу чыгарып бердиби? Ал
иштерди жасабаганы аз келгенсип, Талас элинин, кыргыз элинин болгон байлыгын
жогоруда айткан эл аралык аферисттерге болоор-болбос акчага сатып жиберип жатпайбы.
Ушунун баарын ойлоп, акыл калчабай эле, биздин Талас эли Бабановго кайра эле алданып
жатат го, Кыргызстанды оңдойт депчи…

-Мен ушул Жер –Үй кени тууралуу эч ким жазбаган маалыматтарды жазып чыктым да. Жер – Үй алгач сатылганда Бажаевге эле жалгыз сатылды дешкен. Көрсө андай эмес экен. Жер- Үйдүн 40 пайызы Бажаевге, 40 пайызы “Графка”, 20 пайызы (албетте жашыруун түрдө) Бабановго таандык экен. Ал кендин баасы 2013-жылы 300 млн. долларга бааланган. 2 жылдан кийин кардар жок деген шылтоо менен, мен айткан адамдарга болгону 100 млн. долларга
сатылды. Эми алар болсо, Жер-Үйдүн лицензияцсын 600 млн. долларга сатышты.
Өкмөт ал акчадан болгону кайра эле 100 миң доллар алат экен. Калганы тигилердин
пайдасында калат. Бул маалыматты казак ЖМКларды жазышкан…
—Туура, сени эми мунун баарын журналисттик иликтөө кылдың да. Чындыкты жаздың.
Бул маалыматты мен да билем. Эми бийлик ошого жараша жообун берип, ошого жараша
иш кылыш керек болчу. Элдин үмүтү үзүлүп калган да. Бир жыл мурун “Түкүрбө” деген
акция чыккан. Колдоого алынды, бийлик ага акча да бөлүп берди. Бүгүн элдин үмүтүнө ким
түкүрүп жатат? Саясатчылар түкүрүп жатпайбы? Эл саясатчыларга ишенбейт, мен да
ишенбейм, бирок акчага ж.б. алданып калып жатпайбы.

(— Чүш,»Жер-Үйдүн» 20 пайызын чөнтөккө катсам, калк билип калбайбы, ыя?!)

—Зарылбек мырза, ачык сүйлөшөлү. Сиз Атамбаевге жакшы эле кызмат кылдыңыз.
Ал киши да сизди баалап, министр кылды, генерал кылды. Мамлекетте анчалык
стабилдүүлүк боло электе, “горячий” жерлерде жүрдүңүз. Бирок парламенттик
шайлоодо негедир КСДП менен эмес, жогоруда экөөбүз былыгын айтып, сындап
жаткан Бабановдун “Республикасынан” катыштыңыз. Сизди эчак эле депутат кылам
деген. Эл да күтүп жаткан, бирок үкөңүз Бабанов кайра эле сизди алдап койду да,
туурабы?
-Бул сен айткандардын баарын жалган деп айта албайм. Туура мен бийлик үчүн ак
кызматымды кылдым. Мамлекет башчылары да мени колдоду. Аны четке какпайм. Ал эми
Бабановдун партиясы менен шайлоого катышканымдын өзүнчө бир таржымалы бар. Анын
баарын мен жашырбайм. Ачык айтканда…

(Уландысы бар)
Маектешкен, Айбек Шамшыкеев

Булак: Чагылган

Аргумент.kg
Жооп калтыруу