Зарина: «Баалабай бактымды чаныптырмын»

Акылдуу адамдар башкалардын катасына карап түздөнөт, андан сабак алат. Балким, бул келиндин катасына карап акылдуу бир жан түздөнөр, жакшы пейил күтөр. Ушул ниетте каарманыбыздын баянына гезит бетинен орун бердик.

– Менин бирөөгө баш ийгиси келбеген, өз алдынчалуулукка умтулган мүнөзүмдү бала күнүмдө эле турмуш калыптандырыптыр. Жетишпеген турмуштун айынан көп бир туугандын арасында ийиним кубанып жаңы кийим кийбей чоңойдум. Окуучу курагым билим алуу эмес, башкалардын жаңы кийимин, жакшы буюмун суктана карап, айрым тентек окуучулардын шылдыңына татыктуу жооп берүү үчүн аракет кылуу менен эле өтүптүр. Мектепти аяктаганда башка курбалдаштарымдай келечегим тууралуу деле көп ойлонбодум. Анткени мен ойлонгон күндө да ата-энемдин мени шаарга жиберип, ал жактагы жашоомду камсыздап окутууга шарттары жок эле.

Ушундай мамилеме жараша болду го, акыркы экзаменден кийин мени коңшу айылга ала качып кетти. Отуруп калдым. “Жакшы жерге барыптыр”, — деп ата-энем деле ачуусун басып кала беришти. Ырас, жакшысы жакшы жер болчу. Бирок мен кайненем менен келише албадым. Себеби буга чейин келин жумшап көрбөгөнгөбү, кайненем болгон ишти колумдан талашып же кылганымды артымдан тууралап кылып маанайымды бузчу. Башында өзүмдү күнөөлүү сезип кыйналсам кийин мындай мамилесине ачуум келип кыялымды көрсөтүп, айрым учурда келиштире жооп кайтарчу да болдум.

Кайненем мындай болгону менен бактыма кайнежем жакшы болду. Апасы мен тууралуу арызданганда алдап-соолап жайгарып коёрун байкап жүрдүм. Мага деле сын айтып, апасына жакшы мамиле кылуумду талап кылчу. Бирок жумшак кеби менен муюта айтчу. Байкуш эжебиздин бир айыбы — төрөбөгөнү эле. Турмушка чыкканына беш жылдан ашса да согончогу канабай жүрүптүр. Убакыт өткөн сайын балалуу болуудан үмүтү үзүлүп баратканын айтып ыйлап жүрдү. Барганымдан жарым жылдай убакыт өтүп мен кош бойлуу болдум. Ушул маалда заман агымы менен кайнежем жолдошу экөө да Орусияга иштеп кетишти. Кайнежем башынан эле апасына колунан келгенин аябай берип турчу. Орусияда иштегени берешендиги артып, апасына эле эмес, мага кошо акча салып, телефондон сүйлөшкөн сайын: “Жакшынакай кийинип жүр, каалаганыңды алып жеп, ден соолугуңа жакшы кара”, — деп турчу. Балага зар болуу кандай кайгылуу, кандай аянычтуу. Байкуш эжем ар бир чалуусунда кош бойлуулугум кандай өтүп жатканын жан алы калбай сурап, анан өзүнүн балага болгон зарын айтып: “Кудай мага бала берсе эч нерседен кем кылбай багып алат элем. Ишибиз жүрүшүп, жогубуз болуп, кемибиз толуп атат. Бирок баласыз жыйган дүйнөң бекер экен. Бала жытын жыттап, бала кучактап уктар күнүм болор бекен?” — деп каргылданып кетчү.

Ай-күнүмө жетип балканактай уул төрөдүм. Аман-эсен бошонуп алганыма мен, өзүнө окшош балалуу болгонуна күйөөм, небере жытын жыттаганга кайненем бактылуу болуп эле жатып калдык. Бир гана кайненемдин мага болгон каары өзгөрбөй койду. Ал турсун бала караганыма сын айтып, баягысынан да тажатып жиберди. Бир күнү эле күтпөгөн жерден:

– Баланы эжеңерге бергиле. Наристе май көтөн болуп төрөп калгысы бардыр. Мейли, төрөбөсө да ушуну балам деп санаасын басып жашасын. А силер жашсыңар, дагы балалуу болосуңар, — деди.

– Эмнеге антебиз, жок, бербейбиз, — дедим күйөөмө карап. Ал унчукпады.

– Ызы-чуу болбо, эртең эле дагы тууп аласың. Ошент, кайра эле төрөп ал, – деди чечкиндүү. Ошону менен кеп бүттү.

Жатынын жарып чыккан баласын ким эле башкага кыйсын. Албетте, каршы болуп, ыйлап-сыктадым. Бирок кайненем, күйөөм, кайнежем болуп эбак эле сөз бекитип коюшкан окшойт. Күйөөм унчукпай үңкүйүп жүрө берди. Тез эле алыс жерден кайнежем келип калды. Баламды берерибизди уккандан баштап эле кайненеме болгон жек көрүүм күчөп, кекенип айлам кетип жүргөм. Бирок кайнежемдин жалооруган көз карашына чыдай албадым. Анын жалдырап да, жалбарып да айткан кептерине түтпөй: “Балам ишенчиликтүү колдо чоңоёт. Мага окшобой балалыгы барчылыкта өтөт. Ары чоочун эмес, өз адамдардын колуна баратат, көрүп турам”, — деп өзүмдү сооротуп ыраазычылыгым менен бердим.

Айткандай кайра эле кош бойлуу болуп, кыз күттүк. Кызым менен алышып, уулумдун убайымын деле тарткан жокмун. Кайнежем болсо баягысынан бетер берешен болуп кетти. Апасына бир жолу болсо мага эки жолу акча салып, апасына бир жоолук алса мага эки жоолук алып берчү. Анын тынымсыз салып турган акчасы капчыгымды кампайтып, кийимдин жакшысын кийип, атырдын жакшысын себинип жүрдүм. Мындай өзгөрүүм кайненеме, албетте, жаккан жок. Жакмак турсун кыжырын келтирип, кучунашын карматчу. Мен болсо ага өчөшүп ансайын билгенимди кылчу болдум. Ал мага катуу айтып, какты дегенче мен базар аралап жаңы көйнөк издеп жөнөйм. Анан жаңы көйнөгүмдү көрөрү менен ал  наалынып жатып калат. Айтор, биздин тиреш күчөгөндөн күчөй берди. Жоош, момун күйөөм болсо экөөбүздүн ортобузда эзилип, же мени, же энесин кыя албай жүрдү. Мени болсо күйөөмдүн абалынан да кайненемден кутулуунун жолдору көп ойлондурчу.

Адаттагыдай бир күнү көчөдөн келсем, үйдө бир-эки кошуна аял бар экен. Кайненем ага чейин эле мени жамандап отурганбы же мени көрө коюп баштадыбы, айтор, көз алдымда эле мени аялдарга жамандап кирди. Буга чейин мынча ызаланган эмесмин, бирөөлөрдүн алдында катуу кеп уккангабы, айтор, бул жолу абдан маанайым бузулду. Анан ошол күнү көптөн бери ичимде катып жүргөн арам оюмду ишке ашырдым. Аялдар кеткен соң жасалма күлүп кайненемди дагы чайга чакырдым да, чайына уктатуучу дары кошуп берип койдум. Мына кызык, демейде мен идиш-аякты жыйнаганча жаагын баспай сүйлөп турчу кайненем үлдүрөп барып отурган эле жерине кыйшайып уйкуга кетти. Ошону менен бир далайга чейин уктады. Кулак-мээм тынчып, көңүлүм ачылып көп жумуш бүтүрүп алдым. Ошондон баштап Кудай мындайды бербеспи деп бул ыкманы күн куру койбой колдоно бердим. Кайненем уктай берет, мен болсо кийлигишкен эч ким жок оокатты каалагандай кылып жыргап эле калдым. Ошентип айлар жылга алмашты, кайненем убакыт өткөн сайын ден соолугунан тайып баратты. Карылыгы да келди окшойт деп мен жүрдүм.

Бир күнү көптөн бери келе элек баягы кайнежем Орусиядан келип калды. Ал апасынын алдан тайып карып калганын айтып абдан беймаза болду. Ал апасынын так сүйлөбөй булдуруктап атканын айткан сайын жүрөгүм шуулдап атты. Буга чейин маани бербей келген экем, кайнежем кайталап айткан сайын ал дарынын таасиринен улам болуп жатканын боолголоп баштадым. Бул арада кармалып калбайын деп дары берүүнү токтото турдум. Анан кайнежем коңшу айылга кайын журтуна кеткен күнү эле кайра бердим. Кашайып эртеси кайненем эсин жоготуп жатып калды. Кайнежем жетип келип күйөөм болуп ооруканага алып кетишти. Мен балдарымды шылтоо кылып калып калдым. Кечке маал кайненемди  догдурга алып кеткендер топурап кирип келишти. Жүздөрү сурданып, кабактары карыш. Кайнежем мени жек көрө карап:

– Апама эмнеге дары бердиң эле? – деди.

– Эч кандай дары берген эмесмин, – шек билдирбегенге аракет кылдым.

– Апамды карап, апамдын түйшүгүн тартып жүрөт деп сага ишенип жүрсө.

Ал ыйлап кирди, актыгымды айтып долулана мен да ыйладым. Анан эртеси кийим-кечемди чогултуп, балдарымды жетелеп төркүнүмө кетип калдым. Күйөөм апасы жакшы болуп калганын айтып: “Келип кал”, — деп чакырды. Макул болбодум. Андан кийин кайын журтумдан бир машине адам келип кайненем мени кечиргенин, мындан ары мага жакшы мамиле кыларын айтып: “Балдарды ойлогула, очок бузулбасын”, — дешти. Жок, көктүгүмө салып аларга да көнбөдүм. Эзелтен жоолашкан душмандан бетер кекенип, баягы эжеме берген баламды да сот аркылуу алып алдым.

Минтип аларды коркутам, аларга баркымды билдирем деп ойлогом. Жок, азаптын баарын өз башыма өзүм үйүптүрмүн. Ал бүлөдөн кеткениме эки жылдай болду. Мен болсо балдардын түйшүгүн жалгыз тартып, бир бутум ичте, бир бутум тышта болуп келатам. Буга деле түтөт элем, убакыт өткөн сайын мени убайымга салган нерсе – кайнежемдин уулу болуп алардын колунда өсүп калган баламдын кылыктары болуп жатат. Мага көнбөй далай азабымды берген, эми кенедей туруп кыялын көрсөтүп, булкунуп-жулкунуп качып айламды кетирет. Урушуп койсом: “Менин апам эмессиң, ошол үчүн мени сабап атасың да. Апам мени эркелетип гана турчу”, — деп ыйлайт  жүрөгүмдү оорутуп. Башка балдарым деле атасын сагынып куса болушканын байкайм. Күйөөм да тирешти окшойт, балдарына келбейт. Учураштырып келейин деп ойлойм, бирок ал үйгө барууга абийирим жол бербейт. Ал адамдардын бетин кантип карайм…

Эх, кайненемди уктатып коюп убактылуу тынчтыкка жетем деп жүрүп бул жашоодогу бүт тынчтыгымды жоготуп алган экенмин.

Булак: lady.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу