“Заноза” сайтын жана анын журналисттерин сот Атамбаевге шек келтиргенсиңер деп миллиондогон сомдорго дооматка жыкты

Кечээ  30-июнда Бишкектин Октябрь райондук соту “Заноза” сайтына жана анын
редактору Дина Масловага, журналисти Нарын Айыпка каршы ачылган Алмаз
Атамбаевдин ар намысын коргоо боюнча жарандык иштерди кароону кайрадан улантты.
КР Генералдык прокуратурасы оппозициялык “Заноза” сайты президент Алмаз
Атамбаевдин ар намысына доо кетирди деп сотко 5 арыз жазган. Анын 3 арызын
кароону кечээ, 29-июнда баштаган Октябрь райондук соту бүгүн, 30-июнда 2 иш боюнча
соттук өкүм чыгарып, “Заноза” сайтын 3 миллион сомго, редактору Дина Маслованы 6
миллион сомго, журналисти Нарын Айыпты 6 миллион сомго жана укук коргоочу Чолпон
Жакупованы 3 миллион сомго доого жыкты.
Ишти кароодо соттор айыпталуучулардын адвокаттарынын мыйзамдуу жүйөлөрүн эч
бир эске албай эле өздөрү каалагандай чечимдерди мурда болуп көрбөгөндөй тездик
менен чыгарышууда.
Алдыда дагы “Заноза” сайтына каршы 3 иш каралуу алдында турат. Ал дооматтарда да
Генпрокуратура “Заноза” сайты Алмаз Атамбаевдин кадыр-баркына доо кетирди деп
миллиондогон сомдорго дооматка жыгуу суралган.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу