Замир Мырза: “Апамды жанымдан чыгарбай кучактап жатмакмын”

— Апаңыздын көзү тирүү болгондо эмне кылат элеңиз?

— Апам 29 жыл мурун жети жашымда жүрөк оорудан улам каза болгон. Апамдын: “Мен тирүү кезде эркелеп алсын”, — деген сөзү алигиче кулагыма жаңырып турат. Апам өзүнүн эрте кетерин билчү тура. Таенемдин, туугандардын баланы катуу эркелеткенге болбойт дегенине карабай мени аябай эркелетчү. 1-класста окуп эс кирип калган кезде да апамды кучактап жанына жатчумун. Колго открытка жасап белек кылсам кубанып калчу.

Атама караганда апама жакын болуп, жанынан чыкпай “апасынын баласы” болчумун. Мүнөзүм, кебетем, узун боюм, дегеле турган турпатым бүт бойдон апамдын көчүрмөсү. Энем жок — тирегим, бейишим жоктой. Апасы бар адам тоо томкорчудай зор күчкө ээ болуп, кандай кылса да иши оңунан чыгат. Анткени анын артында сүрөп, мээрим төгүп турган жан болот. Эненин баркын аны жоготкон адам гана билет.

Апамдын көзү тирүү болгондо дүйнөдө менден өткөн бактылуу жан болмок эмес. Аны жанымдан чыгарбай кучактап жатмакмын. Кучактап алып өкүрүп ыйлап, аны канчалык сагынганымды айтып, эч жакка кетпей жанымда эле болуусун суранат элем. Азыр апамдан көрбөгөн мээримди апама окшош кызымдан көрүп жатам. Кызым мени аябай аздектеп, аяп, башкача мээримин төгүп турат.

Булак: «Леди кж»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу