Замир каары Ракиев, Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийинин орун басары: “Курман айт күнү курмандыкка чалынчу мал айт намаздан соң союлушу кажет”

21-август өлкөбүздүн аймагында Курман айт майрамы катары белгиленмей болду. Ыйык күндү утурлай биздин гезит менен тыгыз иштешкен Замир ажы менен Курман айт, андагы мусулман баласына милдет болгон көрүнүштөр, ислам дининдеги айныгыс эрежелер боюнча азыноолак маектештик. Ислам аалымы бул майрамдын жүрүшүн төкпөй-чачпай чечмелеп берди.

— Каарыке, Жараткан Алланын улуу Курман айт майрамы да кирип келди. Жалпы момун мусулмандарга Курман айттын ислам дининдеги эрежелери, андагы курмандык чалуунун жол-жоболорун түшүндүрүп, чечмелеп бере аласызбы?

— Бисмиллахир рахманир рахим! Биринчиден, Кыргызстандагы жалпы момун мусулман бир туугандарыбызды азирети муфтийибиз менен Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жалпы жамаатынын жана жеке өзүмдүн атымдан Курман айт майрамыбыз менен ак дилден куттук айтабыз.

Курман айт ислам динибиздеги эң улуу майрамдардын бири. Бизде эң чоң негизги майрамдардын катарында Орозо жана Курман айттар саналат. Бул майрамдар тууралуу убагында айрым пенделерибиз туура эмес түшүнүктө жүрүшкөн. Анткени, биздин элдин аң-сезиминде “Курман айт бул – өлгөн кишилердин майрамы” деген түшүнүк калыптанып калган. Аныгында андай эмес. Башка майрамдарды кандай сүйүнүч менен тоскон болсок, бул Курман айтты дагы ошондой улуу сүйүнүч, жакшы даярдык менен тосушубуз абзел. Айрыкча жаш балдарыбызга бул улуу күндүн ыйыктыгын эмитен аң-сезимдерине сиңирип, кеңири түшүнүк бере алсак жакшы болор эле.

— Дегеле Курман деген эмне? Кандай түшүнүктү берет? Бул ыйык майрамдын келип чыгышына да токтоло кетсеңиз?

— Курман – бул араб тилинен алынып, бизче мааниси “Кудай Таалага жакындоо” дегенди туюндурат. Ал эми бул майрамдын келип чыгуу тарыхы Ибрагим пайгамбарыбыз көп жылдар бою балалуу болбой, Кудай Тааладан “эй Аллахым, эгерде мага бала берсең өзүң үчүн курмандыкка чалам” деп жалынат. Акыры анын үнү Кудайга жетип, балалуу болот. Баласы тестиер куракка жетип, 10-12 жашка чыгып калганда баягы Алла Таалага берген убадасын аткарыш үчүн баласын курмандык чалмак болот. Ошондо Кудай Таалабыздын мээрими менен Ибрагим пайгамбарыбыз баласын курмандык чалмакчы болгондо ага бычак өтпөй, Алла Таала баласынын ордуна асмандан периштелер аркылуу бир кочкор түшүрүп берет. Ошондон кийин баланын ордуна мал союу адат болуп калган. Пайгамбарыбыз да өмүрүндө курмандыкты такай чалып турган. Ал эми Курман айтта союлган малдын эти кедей-кембагалдар менен жетим-жесирлерге таратылышы жакшы сооп болуп эсептелет. Бул Кудайдын ыйык күнү бай менен кедейдин ортосун жакындатып, жылуулук тартуулаган жакшы күн болуп саналат. Анткени, бул майрамда адамдарда кайрымдуулук болгону үчүн айлап-жылдап казанында шорпо кайнабаган үйлөрдө бул күнү эт салынып, айтор, айрым мусулман туугандарыбызга пайда алып келе турган майрам катары эсептелет. Мусулман баласы болгондон кийин биздин динибизде башыбызга эң сүйүнүч же күйүнүч болгондо биринчи Жараткан Кудайыбыз менен жакшылык-жамандыгыбызды бөлүшүп, Алла Тааладан жардам сурашыбыз керек болот. Мусулманчылыктагы бул улуу күндөгү сүйүнүчүбүздү алгач Жараткан Алла Таала менен бөлүшүп, таң заардан эки рекет Курман айт намазын окууга барабыз. Айт намаз балакатка жеткен эркек адамдар үчүн милдет болгон намаз болуп эсептелет. Курман айтты окуу үчүн үйдөн чыгарда колдон келсе эч нерсе жебей барса жакшыраак. Курман айтты окуп келгенден кийин жашоо-турмушу жетиштүү,  колунда бар бардар адам үчүн курмандык чалуу милдет болуп эсептелет. Маселен, бир момун мусулман майда жандыктан бир кой же эчкисин курмандык чалса болот. Же жети киши биригип, бир бодо мал сойсо да жакшы. Эгерде бодо малга бир кишинин мүмкүнчүлүгү жетсе өзү деле же экөө биригип чоң бододон союп койсо болот. Мындай курманчылык кыларда эң көбү жети кишиге барышы зарыл. Курманчылыкка союлган малдын эти туура үчкө бөлүнөт. Бир бөлүгүн жетим-жесир, кедей-кембагалдар же жашоосу кыйындарга таратылып берилет. Бир бөлүгүн тууган-урук, досторуңа тамак бышырып берсе болот. Ал эми дагы бир бөлүгүн өзүнүн үй-бүлөсүнө алып калуу абзел. Эң жакшысы ушул. Негизи Курман айтта кан чыгарылышы керек. Анткени, кан чыгарылганда өтө сооптуу нерселер бар. Кан чыгарганда аалымдарыбыздын айтымында, кан канча шаркырап аккан болсо, кан чыгарган адамдын күнөөсү ошончо агып түшөт. Курмандыкка союлган малдын канча түгү болсо кан чыгарган пендеге Кудай Тааладан ошончо сооп берилери айтылат. Ошондуктан, курмандык чалуу улуу нерсе. Ал эми эртең мененки Курман айт намазына чейинки союлган мал курманчылык болуп эсептелбейт. Малды курмандык чалуунун мөөнөтү Курман айт күнү эртең мененки намаздан кийин жана андан кийинки эки күн удаа болуп, үч күндүн ичинде союлган мал курманчылык болуп эсептелет.

— Каарыке, соңку суроом, Бишкектеги көргөндүн көзүн кубулжуткан эң чоң мечиттин ачылышы жакынкы күндөрү болору, салтанаттуу аземге Түркиянын президенти Р.Т.Эрдогандын өзү келери айтылууда. Мындай жагымдуу коңгуроонун жүрүшү боюнча да айтып бериңизчи?

— Кудай буюрса, 2-сентябрь күнү (азырынча бул дата толук бекитиле элек) Бишкектеги Орто Азия боюнча эң чоң, анан да эң көрктүү жана өтө чоң каражатка курулган мечиттин ачылышына саналуу күндөр калды. Бул мечит Түркия элинин атынан кыргыз элине белек катары курулуп, ыйык жайдын ачылышына аталган өлкөнүн башчысы Р.Т.Эрдоган мырзанын келиши жана ага улай биздин президентибиз Сооронбай Шарипович баш болуп, Алла Тааланын үйүнүн ачылышына катышары да күтүлүүдө. Биз эки президенттин келишин үмүт кылуудабыз. Ушул күндөрү ыйык мечиттин курулушунун 99%ы бүттү. Мечиттин узундугу 100, туурасы 50 метрди түзүп, аянты 10 миңден ашуун адамга ылайыкталган. Учурда биз дагы даярдык иштери менен чуркап жатабыз. Мечитибиз ачылса элибизге чоң пайдасы тиймекчи.

Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ             

Булак: «Азия Ньюс»

     

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу