Заманбап макал: “Коркконго Чиркешович көрүнөт”

Кечээги КТРКнын теледебатына Өмүрбек Бабанов менен Сооронбай Жээнбековдун кайым айтышы социалдык тармактарда кызуу талкууну жаратты.

Сооронбай Жээнбековдун Өмүрбек Бабановду “Өмүрбек Чиркешович” деп атаганына айрымдар,  “коркконго кош көрүнөт, кошу менен беш көрүнөт”, деген макалды, “Коркконго Чиркешович көрүнөт”, деп жазып чыгышты.

Кыскасы Сооронобай Жээнбеков: «сени мен балапан кезиңден билем, Коррупция менен мен күрөшөм, сен күрөшө албайсың Менин сага 25 суроом бар. Эл колдоп президент болуп калсам, ошо миллиарддарды бюджетке төктүрөм, ошого айлап-жылдап жооп бересиң”, деди. Бабанов ага жооп иретинде “Жээнбековдордун колунан эч нерсе келбейт”, деген пикирин айтты.

Баарынан кызыгы, Өмүрбек Текебаев ойдо жок жерден коомчулуктун арасында аты аталып калганы бул жөн жерден эмес. Буга чейин дагы Өмүрбек Бабановдун алгачкы стартындагы чоң жыйында Үсөн Сыдыков, “Өмүрбек Чиркешович” деп айтып алып, камырабай сахнадан түшүп кеткен. Арстанбек  Алай айткандай Өмүрбек Чирекшовичдин аты-жөнү ааламадан айтылып айткан жокпу?-деген кызык суроо жаралат экен.

Өмүрбек Чиркешович, Сиздин аты-жөнүңүз эң маанилүү учурларда айтылып жатат. Саясатчылардын ар дайым жүрөгүндө жашаганыңызга кубана берсеңиз болот, кантсе да анча-мынчасын “музоо” кезинде сүзүп койгонуңуз көрүнүп турат. Эми ал жактан чыкканда жибиңизди үзө көрбөңүз.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу