Залина Касымова, кыл кыякчы: “Кызымды көбүрөөк мактаганга аракет кылам…»

Кызым 3-класста окуйт. 1-класска барганда күндө жанына отуруп сабак жазып, бир жыл кадимкидей кошо окудум. Кийин өз алдынча сабак окуганды үйрөндү. Жеңил тапшырмаларды өзү эле жазат, мен эсепке келгенде гана карашам. Бир айда бир жолу кетирген каталарын чогултуп көзөмөлдөп, туура эмес кылса урушам. Жаңы окуп баштаганда көп эле урушуп-талаштык. Кайра боорум ооруп алдап тилин тапканга өтөм. Көбүрөөк мактаганга аракет кылам. “Сенин колуңан баары келет”, “Көңүлдөнсөң сабактарыңдын баарын жакшы окуйсуң”, “акылдуу кызым менен сыймыктанам” десем кадимкидей шыктанганы сезилет.

БУЛАК:Леди.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу