Залина КАСЫМОВА: «Биз Аскат экөөбүз жакшы жашадык, өкүнбөйм»

Кыргызстанда саналуу гана кыл кыякчы болсо, анын бири — Залина Касымова. Кыл кыяк ойногону да, жүргөн жүрүшү да олуттуу кыякчы эки баласынын да үлгүлүү энеси. Ырчы Аскат Мусабеков экөө чыгармачылыктагы кош жылдыздардын катарын толуктап жүрүшүп, акыркы учурларда эки башка жолго түшкөндөрү белгилүү болгон. Бул убакка чейин ал тууралуу ооз ачпаган Залина биз менен сырын бөлүштү.

– Залина, интернеттеги сүрөттөрүңдү карап олтуруп сенин камкор эне экениңди байкайм, азыр кызыңды мектепке даярдай баштасаң керек?

– Ооба, Акзыйнат быйыл 2- класска барат. 29-гимназияда 1-классты «4» жана «5» деген баалар менен аяктады. Учурда мектепке керектүү нерселерди алып даярданып турган чагыбыз. Жайкы эс алууну кызым үчүн кызыктуу өткөргөнгө аракет кылдык. Азыр окуу башталарын күтүп күн санап олтурат.

– Уулуң бала бакчага барабы?

– Уулум Аскар үч жарым жашка чыкты. Быйыл бала бакчага берсем деп турам. Бул убакка чейин аны апам карап келген. Мага бала багууга эң жакшы жардам берген — ата-энем. Чыгармачыл адамдар бизде так иш тартиби жок да, кайсы убакта болбосун чакырууларга кетип калышың мүмкүн. Ошондой убакта ишеничтүү адамың болбосо иштей албайсың. Балдарым менден дагы ата-энеме абдан жакын. Мен аларды урушуп койсом, ата-энеме дароо арызданып калышат. Биз төрт бир тууганбыз, баары чоңоюп жай-жайына конуп калышкан. Үйдө жаш бала жок, ошондуктан менин балдарым — биздин үйдүн эркелери, алардын кыялдарынын баарын орундатышат. Кээде бир туугандарым: «Залинанын балдарын өзгөчө жакшы көрөсүңөр», — деп тамашалап калышат. Эжем менен сиңдим медик, жалгыз иним М.Абдраев атындагы мектепте 9-классты бүттү, «Акак» комузчулар ансамблинин мүчөсү. Мен чыгармачылыкта жүргөнгөбү, айтор, ата-энем мени аяп турушат.

– Демек, эки балаң менен ата-энеңдин үйүндө жашайсың?

– Жашоо шартка байланыштуу ата-энемдин үйүндө жашаганга туура келип калды. Анткени жогоруда айтканымдай ар убакта кетишим керек болот. Ата-энем менен чогуу турсам санаам тынч болот. Буюрса, балдарым чоңоюп калса өзүнчө бөлүнөбүз деп турабыз.

– Башка бүлө болуп кетип, кайра ата-энеңдин үйүнө келгенге өзүңдү ыңгайсыз сезген жоксуңбу?

– Ата-энем мени ар тараптан колдоп, жакшы гана сөздөрүн айтып турушат. Ошондуктан эч нерсе билинген жок болсо керек, өзүмдү баштагыдай эле эркин сезем, каалаганымдай жашайм. Үй кенен, ар бирибиздин өз бөлмөбүз бар. Кыскасы, мага абдан ыңгайлуу. Кээде эки баламды алып бир жактарга кетип калсам, ата-энем: «Силер жок үй аңгырап калды», — деп калышат. Эки балам менен үй дайыма шаңга бөлөнүп турат.

– Аскат экөөңөрдүн үйүңөр бар беле?

– Аскат экөөбүз батирде жашап келгенбиз. Бирок чогуу акча топтоп, жаңы салынып жаткан үйлөрдөн 2 бөлмөлүү батир алып жарым акчасын төгүп койгон элек. Тилекке каршы, ошол учурда экөөбүз эки айрылыш жолго түшүп кеттик. Кийин Аскат ал үй жок дегендей кылып койду. Мен деле артынан түшүп сураганым жок. Ата-энем да: «Үйгө муктаждык жок, жөн эле кой”, — деп коюшкан.

– Силер сырттан караган адамга чыгармачылыктагы бактылуу үй-бүлөлөрдүн катарын толуктачу элеңер го, бул оор бурулушка эмне себеп болду?

– Себебин айтыш кыйын: балким, көз тийди, балким, сыноо… Жашоо деген татаал экен да. Биз 2008-жылы баш кошконбуз, 5 жылдай жашадык. Мындан 3-4 жылдай мурда эки айрылыш жолго түштүк. Негизи Аскат экөөбүздүн мамилебиз жакшы болчу. Менимче, бул жерде үчүнчү жактын, биздин жашообузга кийлигишкен адамдардын таасири көбүрөөк болуп калды деп эсептейм. Анткени бүгүнкү күнгө чейин мамилебиз жакшы эле. Аскатты чыгармачыл инсан катары сыйлайм, баалайм. Чыгармачылык тууралуу азыркыга чейин кеңешип турабыз. Мен анын ырларына сынымы айтып, өзүмдүн да күүлөрүмдү угузуп калам. Болгону ортобузда бир аз түшүнбөстүктөр болуп кетти, балким, жаштык да кылдыкпы. Айтор, уруш-талашы жок эки башка кеткенбиз. Тагдырыбызга ушундай жазган экен.

– Силерди 2010-жылы эле ажырашуу үчүн сотко кайрылыптыр деген маалымат чыкты эле?

– Жок, бул убакка чейин ажырашты деген сөздөрдүн баары жалган болчу. Эки балалуу болуп жакшына эле жашап келе жатканбыз. Тилекке каршы, ошол жалган сөздөр турмушубузда болуп калды. Ажырашуу оор нерсе экен: эркек үчүн канчалык кыйын болсо, аял киши үчүн он эсе кыйын болот экен. Мен көп нерсени ичиме каткан адаммын, бугумду бирөөгө айтып чыгаргандан көрө кыл кыякта күү ойноп чыгарууну туура көрчүмүн. Көрсө, ичтеги нерсени айтып чыгарыш керек деген туура эле экен. Мен ошол учурда эл менен аралашкым келбей, чакырууларга барганга көңүлсүз болуп, сүйлөгүм келбей чүнчүп кеткем. Бирөө бир нерсе сүйлөсө эле өзүмө алып таарына берчүмүн. Ата-энеме рахмат, оор учурда мага абдан колдоо көрсөтүп кетишти. Жашоо да мени бышырды.

– Балдарың ойлондурдубу?

– Аял киши үй-бүлөгө жан тартат эмеспи. Албетте, балдар мени абдан ойлондурду. Өзүм да карьера эмес, үй-бүлөнү биринчи планга койгон аялмын. Андыктан үй-бүлөмдү жакшы эле сактап калайын дедим, бирок кандайдыр бир шарттар ал нерсеге жол бербей койду. Биз ажырашканда уулубуз кичинекей болуп калды, көп билген жок. Ал эми кызым атасына жакын, атасын абдан жакшы көрөт эле. Алгачкы учурларда аябай сагынып жүрдү. Кээде башкача сүрөттөрдү тартып калчу. Андайда эне катары ичиң өрттөнүп ыйлайсың, бирок жашоо улана берет экен. Балдарымды атасынан бөлгөн жокмун, атасы тууралуу бир да жаман сөз айтпайм. Дайыма жолугуп, катышып турушат. Биз Аскат экөөбүз да жакшы жашадык, абдан бактылуу болдум, өкүнбөйм. Жогоруда айтканымдай, түшүнбөстүк болуп кетти.

– Балдарыңа алимент аласыңбы?

– Жок, сотко кайрылып алимент алуу тууралуу ойлонгон да эмесмин. Кудайга шүгүр, өзүмдүн тапканым балдарымды камсыздаганга жетет. Балдарга аны-муну алыш керек деп Аскатты кыйнабайм, өзү сатып берем десе каршы эмесмин. Балдар менен атасы кээде айына бир жолу, кээде 2-3 айда бир жолугуп турушат.

– Бактыңды башкадан издөө оюңда барбы?

– Мен өзүм ал тууралуу такыр ойлонбойм. Курбуларым, туугандарым: «Сен да турмуш курушуң керек», — деп айтып калышат. Мен мурда «бактылуу болгула» деген сөздөрдү укканда ар бир адамдын бактылуу болушу өзүнүн колунда деп ойлочумун. Көрсө, жашоодо баары Кудайдын маңдайга жазганындай болот экен.

– Кыргыз элине кыл кыякчы катары таанымалсың, бирок бул аспапты түшүнүп баалагандар кеңири эмес, андыктан ырдап чыгуу оюңа келди беле?

– Ырдап чыгайын деген оюм бар (күлүп). Менин жан дүйнөм чыгармачылыкта бир нерсени каалап турат. Учурда ырдоого каалоом пайда болду. Ал күн качан келет айта албайм, убакыт көрсөтөт. Негизи мен бир нерсени алып чыга турган болсом, абдан көпкө ойлоном. Эптеп-септеп кылмайым жок, баарын бышырып мыктылап, анан элге тартуулайм. Өзүм М.Абдраев атындагы музыкалык мектепте, кийин Улуттук консерваторияда окудум, андыктан баары: «Ырдаганды билесиңби?» — деп сурай беришчү. Бул убакка чейин Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде иштечүмүн. Эми филармонияга солист болуп кирдим.

– Филармониядан алган айлык акың өзүң менен эки балаңды камсыздаганга жетпесе керек?

– Туура, ал жактагы айлык жолум менен түшкү тамактанууга жетиши мүмкүн. Мен кошумча акчаны тойлордон табам. Чет өлкөлөргө чакыруулар көп болот, ошол жактан табам. Айтор, Кудайга шүгүр, тапканым жетиштүү.

– Кыл кыякты баалап, аны менен тойго чакыргандар ченелүү болсо керек?

– Чынын айтканда, ырчы менен салыштырганда азыраак. Бирок мындан бир канча жыл мурункуга салыштырсам жакшы эле. Мен кыякты шөкөттөп угумдуу, жагымдуу кылып алып чыгып атпаймынбы, андыктан баалагандар көп. Жакында жаңы клип тарттырдым. «Деңиз каракчылары» деген кинонун саундтрегин угуп жактырып, ошону күүгө салсамбы деп жүргөм. Ошол оюм эми бышып эки кылдуу жана төрт кылдуу кыякка салып клип тарттырдым. Уккандар жакшы пикирлерин айтып атышат.

Булак: lady.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу