Жөө күлүк Дарья Маслова Азиададан дагы бир медаль утту. Толкуткан сүрөттөр

Ушуну менен Кыргызстандын байге куржунундагы медалдардын саны 17ге жетти.

Кыргызстандык жеңил атлет Дарья Маслова Азия оюндарында күмүш медаль утту. Бул туурасында уюштуруучулардын расмий сайтындажазылат.

Ушуну менен Маслова Азиаданын экинчи медалын тагынып жатат. Ал 25-августта 10 чакырымга чуркап алтын утса, мында 5 чакырым аралыкка жарышып экинчи болуп келген.

Биринчи оруну Бахрейнден келген (15 минут 8,09 секунд) спортчу ээледи. Анын артынан 22,5 секунд айырма менен кыргызстандык жөө күлүк марага жеткен.

Ушуну Кыргызстандын байге куржунундагы медалдардын саны 17ге жетти. Анын экөө алтын, алтоо күмүш, тогузу коло байге.

Кыргызстандан барган спортчулардын ичинен чемпиондук жөө күлүк Дарья Маслова менен жиу-житсучу Төрөхан Багынбай уулуна буюрган.

Булак: Спутник 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу