Жөө кишини коюп кеткен жол тандабас из жашырып кетти

Окуя Гагарин көчөсүндө болгон.

Бишкекте жөө кишини коюп кеткен жол тандабастын айдоочусу из жашырып кеткенин Sputnik Кыргызстан агенттигине укук коргоо органдарындагы жеке булактар билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя Гагарин көчөсүндө катталган. Lexus RX-300 үлгүсүндөгү унаа эркек кишини коюп кеткенден кийин токтолбостон сапарын улантып кеткен.

Аталган факты боюнча тергөө амалдары башталды. Унаа азырынча кармала элек.

Булак: sputnik.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу