ЖӨӨ ЖҮРҮШТӨ 5 СУТКАГА КАМАЛГАН АКТИВИСТ БОЮНЧА ЖОГОРКУ СОТ ЧЕЧИМ ЧЫГАРДЫ

Сөз эркиндигин коргоо жөө жүрүшүндө 5 күнгө камалып чыккан активисттер боюнча Жогорку Сот чечим чыгара баштады.

Кечээ активисттердин бири Азамат Аттокуров боюнча Жогорку сот биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырды.

Эми жөө жүрүшкө катышкан башка активисттер боюнча дагы соттук отурумдар болмокчу.

Эске сала кетсек, 18-сентябрда өткөн 8 Саясий укуктар жана сөз эркиндиги үчүн деген ураан менен жөө жүрүш болгон. Ага катышкандар бийликти ММКларга басым кылууну токтотууга чакырышкан. Анда коомдук тартипти бузду деген негиз менен 5 активист кармалып камакка алынган эле. Алар “бейбаштык” беренеси боюнча айыпталышкан.

Биринчи май райондук сотунун чечимине нааразы болгон активисттер шаардык сотко кайрылышып, ал жактан дагы майнап чыккан эмес.

Кармалгандардын  катарында «Эркин эл» партиясынын лидери Мавлян Аскарбеков, экономика боюнча талдоочу Азамат Аттокуров, энергетика жаатындагы эксперт Расул Үмбеталиев менен жарандык активисттер Айбек Мырза менен Мухит Мамытов болгон.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу