Жөө жүрүштүн башкы уюштуруучусу кадимки экс-“клоун” депутат Мээрбек Мискенбаев болобу?

Эки жолку болуп өткөн революциядан кийин кыргызстандыктар тынчтыктын, стабилдүүлүктүн баркын өтө жогору баалап калышты. Андыктан мурдагы адатка айланкан митинг-пикеттерден жадагандарын, элибиз азыр андай башаламандыктарга чакырган митингдерге катышуудан көрө жазында жер айдап, эгин эгип, жазгы талаачылык жумуштары менен алектенүүнүтуура көрүп калышкандарын жакшы билебиз. Апрель революциясы болуп өткөндөн кийинки жылдары да өлкө стабилдүүлүгүнө доо кетирүүнү көздөгөн күчтөр мурдагы “дүжүр” лозунгдары менен митингдерди кайра-кайра өткөрүүгө аракет жасашты.

Бирок, ошол убактагы бийлик анын баарын чагымчылдык, өз мамлекетине чыккынчылык катары сыпаттап, маалымат саясатын жүргүзүп келген. Эми болсо, 7-апрель күнү борбор калаабызда 10 миң адамдын катышуусунда жөө жүрүш уюштурулганы атканы белгилүү болду. Ишенимдүү булактардан алган маалыматка таянсак, алардын колдорунда “Үй-бүлөлүк башкарууга жол жок”, “Үй-бүлөлүк кландык башкаруу болбосун” сыяктуу лозунгдар жазылган көрнөк-жарнактар болот экен. Бул жөө жүрүштүн башкы уюштуруучусу кадимки экс-“клоун” депутат Мээрбек Мискенбаев экен.

Чамасы алар дагы президент С. Жээнбеков жана анын иниси А. Жээнбековго тийишет окшойт.

Биринчиден, М. Мискенбаев буга чейин дагы ушундай аракети жасап көргөн. Ал мамлекет башчысы С.Жээнбековдун иниси, ЖК депутаты А.Жээнбековдун мандатын тапшырып беришин талап кылып чыккан. Бирок, коомчулук анын бул популисттик билдирүүсүн колдобой койгон. Ал тургай партиялаштары да колдогон эмес.

Тескерисинче, коомчулук М. Мискенбаевдин сайпаналыгына жиндери кашайып, анын өзүн “Апрель баатырларына бөлүнүп берилген көмүрдү неге жеке кызыкчылыгы үчүн сатып жибергенин, ал акчаны эмнеге жумшаганын айтып бербейби” деп жарга такашууда. Бирок, тиричилик кылуунун мына ушундай жолуна түшүп алган Мискенбаев сыяктуулар элдин пикири менен эсептешпейт деле окшойт. Коомчулук деле анын кимдин колундагы куралга айланып турганын билип турушат.

Кечээ эле мына ушундай митингдерди уюштургандарды “мамлекеттин чыккынчылары” деп жүргөндөрдүн колундагы куралы болуп турат. Андыктан булардын мындай аракеттери коомчулукка да жакпай турганын айтып коелу. Эч кандай үй-бүлөлүк башкаруунун жыты чыга электе эле булардын минтип кыйкырып чыгып аткандары – жөн гана алда неге чычалагандай, ич ачышкандай түр жаратууда. Коомчулук муну “Жазгы митинг синдрому башталганы атабы? Аны ким уюштуруп атса дагы мамлекеттин анык чыккынчылары экен” деген баа беришүүдө.

Кандай болгон күндө дагы жакшылыктарды кутө туралы…

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу